Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-июну № 324
Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Азербайджан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумунун протоколун аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 4.7-пунктун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2012-жылдын 30-майындагы № 2 отурумундагы протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 5,5 га сейил бакка “Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багы” аталышы ыйгарылсын (чийме тиркелет).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сейилбакты атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаарынын башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери А.И.Усубакуновага жана Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Кайыпов |