ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (экинчи чакырылышы)
2010-жылдын 24-декабры №216
Ош шаардык Кеңешинин депутаты Т.Н.Сабировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 27-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-жана 5-статьяларына ылайык №5-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Сабиров Таалай Нурдинович Ош шаарынын биринчи вице мэри болуп дайындалып, бул кызматта иштеп жаткандыгына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сабиров Таалай Нурдиновичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | Д.Алимбеков
|