ТоктомКүчүндө

Ош шаардык Кенешинин 2010-жылдын 24-декабрындагы № 216 «Ош шаардык Кеңешинин депутаты Т.Н.Сабировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө»токтому

Редакция24.12. 2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (экинчи чакырылышы)

 

2010-жылдын 24-декабры №216

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Т.Н.Сабировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 27-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-жана 5-статьяларына ылайык №5-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Сабиров Таалай Нурдинович Ош шаарынын биринчи вице мэри болуп дайындалып, бул кызматта иштеп жаткандыгына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Сабиров Таалай Нурдиновичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеӊешинин тѳрагасы

Д.Алимбеков