ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 24-декабрындагы № 218 «Ош шаардык Кеңешинин депутаты Н.Т.Ариповдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому

Редакция24.12.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (экинчи чакырьшышы)

 

2010-жылдын 24-декабры №218

 

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Н.Т.Ариповдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 27-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3- жана 5-статьяларына ылайык №4-шайлоо округунан шаардык Кеңешке депутат болуп шайланган Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Арипов Назарали Турдалиевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Депутаттардын Ош шаардык

Кеӊешинин тѳрагасы

Д.Алимбеков