ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (II чакырылышы)
2011-жылдын 25-апрели №233
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95 - “Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 12-апрелиндеги №163-08-6 - «Ичүүчү сууга, саркынды сууларды кабыл алуудан жана агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин Ош шаардык суу чарба муниципалдык ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү менен макулдашылган катын жана аталган Агенттиктин Ош шаардык бөлүмүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги №24-буйругун карап жана талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын №2-токтомунун негизинде жана депутаттарды сурамжылоо жолу менен ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95-“Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 1-пункттун 1-подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун;
- ичүүчү сууну берүү, калк үчүн - 1м3 -3 сом 70тн;
экинчи подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
- ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн бюджеттик уюмдарга- 1м3 - 5 сом 31тн.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |