Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын II чакырылышы
2009-жылдын 7-апрели № 95
2007-жылдын 15-майындагы № 226 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXIV сессиясында кабыл алынган "Ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу тѳлѳмдѳрдүн тарифтерин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ" токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
(Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 25-апрелиндеги № 233, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ош шаардык мэриясынын "Кѳчѳлѳргѳ, короолорго орнотулган мамыларды (колонка) пайдаланган, бак-дарактарын сугарган Ош шаарынын калкын жана коммерциялык уюмдарын (ичүүчү суу) менен камсыз кылуу жана арыктарды тазалоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы (тариф) бекитүү жѳнүндѳ" 2009-жылдын 25-мартындагы № 133-03-07, Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты ѳнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн каттарын карай жана талкуулап, ѳнѳр жай, байланыш, транспорт, жылуулук - энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомунун негизинде жана сессияда чыгып суйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2007-жылдын 15-майындагы № 226 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXIV - сессиясында кабыл алынган "Ичилүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу тѳлѳмдѳрдүн тарифтерин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ" токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
-ичүүчү сууну берүү, калк үчүн – 1м3-3 сом 70 тн;
-ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн бюджеттик уюмдарга – 1м3 – 5 сом 31 тн;
-бак-даракты сугаруу калкка 1мЗ үчүн 28,41 сом салыкты кошуп эсептегенде, (мезгилдүү) май айынан тартып октябрь айы ичи (27сом 72тыйын тариф + 00,69 тыйын 2,5%о салык)
-. Төртүнчү подпункту (Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Бешинчи подпункту (Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 25-апрелиндеги № 233, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жогоруда бекитилген кѳчѳлѳргѳ, короолорго орнотулган мам (колонка) пайдаланган, бак-дарактарын сугарган Ош шаарынын калкын коммерциялык уюмдарын (ичүүчү суу) менен камсыз кылуу жана арыкта тазалоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы калктын калыӊ катмарына жетү максатында шаардык " Ош шамы" гезитин жарыялансын.
3. Бул токтомду Ош шаардык адилет башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин башкы адис-юристине (М.Авазов) тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин ѳнѳр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков |
|
|