Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу №245
Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабанан бекитилген шайлоо комиссияларын түзүү жана жоюу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү саясий партиялардын жана шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмеси бекитилсин (№1-тиркеме).
2.Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмеси Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басьшьш чыксын (Б.Матисаков).
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, депутаттык этика жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |