ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кенешинин 2011-жылынын 16-июлундагы №245 «Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция16.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-июлу №245

Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин  тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабанан бекитилген шайлоо комиссияларын түзүү жана жоюу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү саясий партиялардын жана шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмеси бекитилсин (№1-тиркеме).

2.Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмеси Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

3.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басьшьш чыксын (Б.Матисаков).

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, депутаттык этика жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

кеңешинин төрагасынын орун басары

 

С.Аматова