ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кенешинин 2011-жылынын 13-сентябрындагы № 249 «Джумабаев Адылжан Сүйүновичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому

Редакция13.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-сентябры №249

Джумабаев Адылжан Сүйүновичтин депутаттык ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

№ 5-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты Джумабаев Адылжан Сүйүновичтин  депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктун, ошондой эле 31- беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаардык Кеңешине №9 - шайлоо округунан депутат Джумабаев Адылжан Сүйүновичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте мамлекетик каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Д.Алимбеков