Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №232
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30 - июлундагы XXIV сессиясынын №192 - “Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 15-мартындагы №97-08-6 депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын №192-токтому менен бекитилген «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү аукциондорду, конкурстарды жана жер тилкелерди түздөн-түз сатууга өткөрүү, ар кандай багыттагы обьекттерди куруу максатында жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга муниципалдык жана мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерине жеке менчик укуктарды берүү же ижаралык шарттарда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү үчүн курулуш, турак жай жана турак жай эмес жайларды сатуу” боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 18-мартындагы №6-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30- июлундагы XXIV сессиясынын №192 - “Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтом күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы №232-токтомуна тиркеме |
1.Сабиров Т.Н. – Ош шаарынын I-вице-
комиссиянын төрагасы;
2.Кадыров А.У. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаручу,комиссиянын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү;
3.Асанов А.Р – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
4.Абдуллаев Д.А – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
5.Алиев А.М – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
6.Нурбаев А.М. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
7.Алишеров К – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
8.Баетов Н. - Ош шаардык Мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын башчысы;
9.Абдыкаров А.А. – Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы;
10.Каратаева У.С. – Ош шаардык мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
11.Батырбеков Ж.Р. – Көз карандысыз баалоочу;
12.Шералиев Ш.Т. – Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү, (коомдук уюмдардын атынан);
13.Темиров А.Т. – Жеке ишкер.
Комиссиянын катчысы;
Сыдыков Т. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |