Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну №235
Жергеликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп бөрүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 22-апрелиндеги №12, 2011-жылдын 3-майындагы №13, 2011-жылдын 17-майындагы №14, 2011-жылдын 31-майындагы №15-токтомунун жана 2011-жылдын 15-июнундагы №16-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып суйлеген депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясыньн 2011-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун №12-токтомунун негизинде 295500 сом, 2011-жылдын 3-майындагы отурумунун №13-токтомунун негизинде 50,0 миң, 2011-жылдын 17-майындагы отурумунун №14-токтомунун негизинде 15 млн, 100,0 миң сом, 2011-жылдын 31-майындагы отурумунун №15-токтомунун негизинде 693,0 миң сом жана 2011-жылдын 15-майындагы отурумунунун №16-токтомунун негизинде 1152,5 миң сом акча каражаттарын бөлүп бөрүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Сессияда депутаттардын макулдугунун негизинде:
-2007-жылда алынган автобустарды сатып алуудан калган 5850,2 миң сом акча каражатын «АСКЕД» корпорациясына бөлүп бөрүүгө;
-Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» түштүк аймагынын борбордук мечитинин курулушуна ар бир депутат өзүнө бөлүнгөн наказынан 10,0 миң сомдон бөлүп бөрүүгө;
-№8-шайлоо округунун маркум депутаты А. Шакировдун 2011-жылга шайлоочуларынын наказдарын аткарууга каралган акча каражаттарын, аталган округдун депутаты У. Примовго ошол округдун шайлоочуларынын суроо-талаптарын аткаруу үчүн жумшоосуна;
-№8-шайлоо округунун маркум депутаты А.Аттокуровдун 2011-жылга шайлоочуларынын наказдарын аткарууга каралган акча каражатын аталган депутаттын үй-бүлөсүнө бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын XXVIII сессиясынын №235-токтомуна №1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011 -жылдын 22-апрелиндеги отурумунун №12-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-295500 сом акча каражатын (анын ичинде 43500 сом Соц фонд) Ош шаардык дене -тарбия жана спорт комитеттинин аппаратында жана бугалтериясында иштеген 14 кызматкердин 2011-жылдын апрели айынан баштап эмгек маянасына ай сайын 2000 сомдон кошумча иретинде.
Жалпы суммасы: 295500 сом.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 3-майындагы отурумунун №13-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин депутаты Р.Мамедовдун Россия Федерациясынын Барнаул шаарына медициналык квалификациясын жогорулатуу үчүн 2011-жылдын 11-майынан 7-июнуна чейин окууга барыш келүүгө жергиликтүү бюжджеттин эсебинен жардам иретинде.
Жалпы суммасы: 50,0 миң сом.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 17-майындагы отурумунун №14-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-100,0 миң сом акча каражаты К.Жусупакматовдун эстелигин орнотуга колдоо керсетуу иретинде;
-15,0 млн. сом акча каражаты балдар ойноочу спорт аянтчасын курууга белуп беруу боюнча мэр дин етунучу толук реестрлер жана расчеттор берилгенден кийин 2011-жылдын 1-январына карата жергиликтуу бюджеттеги калган акча каражатыньш эсебинен белуп берууге макулдук берилсин.
Жалпы суммасы: 15,0 млн. 100,0 миң сом.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 31-майындагы отурумунун №15-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-500,0 миц сом акча каражатын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын невмвт бөлүмүнө кызматтык автоуна сатып алууга жардам иретинде;
-70,0 миң сом акча каражатын №31-«Курманжан-Датка» атындагы орто мектебинин спорт залына керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алууга жардам иретинде; -27,0 миң сом акча каражатын 2011-жылдын 1-январына калган каражаттын эсебинен Ош шаардык мэриясынын гараж башкармалыгына, 2011-жылы шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларында кабыл алынып сессияга сунуш кылынган жана башка материалдарды депутаттарга жеткирүү үчүн курьер пайдалануучу шаардык Кеңештин кызматтык автоунаасынын куйуучу жана майлоочу заттарды сатып алууга кошумча иретинде;
-96,0 миң сом акча каражатын «Достук» кичи шаарчасынын №84-кечесуне таза суу өткөрүүгө Ош шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинде, бюджеттен көмөк көрсөтүүгө каралган акча каражатынын эсебинен (Сооцфинансирование).
Жалпы сумма: 693,0 миң сом.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |