Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүн жоготту

Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 238 «Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 238
Кабыл алынган
2011-жылдын 16-июну
Чыгарган
Шаардык кеңеш

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Ош шамы" № 30 (1078) · 2011-жылдын 7-июлу
Реестрде
2011-жылдын 7-июлу

Реестрде

Редакциялар
2
Минюст коду
24750

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (II чакырылышы)

 

2011-жылдын 16-июну № 238

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 14-апрелиндеги №171/08-6 Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №12-С буйругунун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 10-майындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 0ш шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскуранты турак жай менчик ээлерине 1 чарчы метр аянтка бир ай үчүн-1,20 сомдон бекитилсин (тиркеме №1).

2. Калктын калын катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык «Ош шамы» гезйтйне жарыялансын (Б. Матисаков) жана мыйзам чегинде каттоого алуу жагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин башкы адис-юристине тапшырылсын (А. Алимбекова).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмелдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселерине боюнча туруктуу депутптттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.

Техникалык жактан тейлөөнүн байланыш (коммуникация)   

Баалардын прейскуранты

 

№

Күндөлүк оңдоолорду

Жалпы аянттын кв.метринин тарифи

 

көрсөтүү түрлөрү

 

1.

а) суу түтүктөр түйүнү

0,3

 

б) агындылоо түйүнү

0,3

 

в) жылуулук түйүнү

0,3

 

г) электр түйүнү

0,03

 

Жалпысы:

0,93

2.

а)турак үй кирмеси (подъезд)

0,1

 

б)турак үй маңдайы (фасад)

0,07

1

в)турак үй чатыры

0

 

Жалпысы:

0,17

 

Турак үйлөргө караштуу аймакты

0,1

 

тазалоо

 

 

Бардыгы

1,20

Эскертүү:

-Үй комитеттери менен биргеликте тургундар тарабынан топтолгон каражаттын эсебинен МЖКУ турак үйлөрдүн чатырларына кирме жайларына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө мумкунчулук алат.

-Коммуналдык ыңгайлуулугу жок (суу түтүктөрү, агындылоосу) үйлөрдүн кирме жайларын (подъезд) фасаддары сырттагы ажатканалардын күндөлүк оңдоо иштери жана ошол үйгө тиешелүү аймакты тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн 1,20 сом өлчөмүндө тариф киргизилсин

 

Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Д. Алимбеков

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.