Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 239
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-майындагы XXI сессиясында кабыл алынган №169-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 19-майындагы №237/-08-6, 2010-жылдын 20-майындагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXI сессиясьшда кабыл алынган №169-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 2-июнундагы №4-токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-майындагы XXI сессиясында кабыл алынган №169-«Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-кичи автобустарда-8 сом;
-автобустарда-6 сом.
-Ош шаарыннын аэропортуна, Жапалак айылдык аймактык башкаруусунда жайгашкан айылдарга баруучу кичи автобустарга-9 сом, ал эми шаар менен чектеш Карасу районуна барган маршруттарга тариф айыл башчыларынын, айыл өкмөтүнүн чечимдерине ылайык коюлсун.
-Мектеп окуучуларьша автобустардын бардык түрлөрүндө-1 сом, ал эми дем алыш, майрам күндөрү, эс алууга чыкканда кичи автобустарда жол кире акысынын 50 пайызы (4 сом) төлөнсүн.
-Кечки саат 20:00 ден 24:00ге чейин:
-кичи автобустарда-10 сом;
-автобустарда-8 сом.
2. Калктын калың катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков) жана мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А. Алимбекова).
3. Бул токтомдун аткарылышьш кеземелдее депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков
|