Загрузка документа…
ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы №2
Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду жана комиссиялардын курамдарын бекитүү тууралуу
Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алып, Талды – Булак айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө" жобо (1-тиркеме);
- Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамы (2-тиркеме).
2. Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтү өздүк чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн башчысына (А. Абдыбачаевке) жүктөлсүн.
Талды–Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Кененсариев Б.И |
| Талды-Булак айылдык кенешинин 2012-жылдын 16-февралынын №2 токтомуна №1 тиркеме |
ЖОБО
I. Жалпы жоболор жана комиссияны түзүү тартиби
II. Комиссиянын ыйгарым укуктары
III. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
V. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алуу менен иштелип чыкты.
1. Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) өз иш-аракетин Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо жана/же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүү максатында Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу органы болуп саналат.
2. Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча Талды – Булак айылдык кеңештин токтому менен комиссиянын курамы бекитилет.
3. Жооптуу катчы комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат.
4. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) жер участокторуна менчик жана/же ижара укуктарды сатуу мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
б) тооруктарга коюлуучу жер участокторуна укуктардын түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздөмөлөрдү аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууларга коюлуучу жер участокторунун наркынын көлөмдөрүн аныктайт;
г) тооруктардын жыйынтыктарын белгиленген тартипте бекитет.
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Тийиштүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүп жаткан субъекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) эгер комиссиянын кароосуна материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен даярдаса, Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин дисциплинардык жоопко тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
г) Талды – Булак айылдык кеңештин жана/же Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн алдында комиссиянын мүчөсү үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүүгө;
д) жеке турак үйлөрдү куруу үчүн укуктарды акысыз берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдөн тышкары, Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтү боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө маселелерди кароого жана чечимдерди кабыл алууга.
6. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум формасында жүзөгө ашырат. Отурумдардын жыйынтыктары протоколдор менен жол-жоболоштурулат, аларга комиссиянын катчысы, төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
7. Комиссиянын отурумдары комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрдө, бирок бир айда 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын отурумун өткөрөт, эгер ал жок болсо, комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
9. Эгер отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышып жатса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Комиссиянын чечимдери катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү сыяктуу жөнөкөй жол аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылып жаткандын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Комиссиянын отурумунун протоколдору жана комиссиянын иш-аракети менен байланышкан башка материалдар Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн архивинде мыйзам тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
12. Комиссиянын мүчөлөрү отурум өткөрүүгө 3 күн калганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалым болушат жана келээрки отурумдун материалдары менен камсыз болушат.
13. Отурум башталганда төрагалык кылуучу талкуулануучу маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден келип түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна карата иш тартибин аныктайт.
14. Комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде Талды- Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтү он күндүк мөөнөттүн ичинде жер участогуна менчик укугун сатуу-сатып алуу же ижаралоо жөнүндө келишим түзөт.
15. Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтү комиссияга отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракет үчүн зарыл жайларды берет.
16. Эгер комиссиянын мүчөсү түз каржылык кызыкчылыкка же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
17. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда болот:
а) депутаттарга карата Талды- Булак айылдык кеңештин төрагасынын чечими боюнча, калган учурларда Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Талды-Булак айыл окмотунун башчысы |
А. Абдыбачаев |
| Талды-Булак айылдык кенешинин 2012-жылдын 16-февралынын №2 токтомуна №2 тиркеме |
КУРАМЫ
1. Комиссиянын төрагасы – Талды – Булак айылдык кеӊешнин депутаты – жер боюнча комитетинин төрагасы
2. Комиссиянын төрагасынын орун басары:Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси
3. Комиссиянын катчысы - Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ( добуш берүү укугу жок)
4. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Талды – Булак айылдык кеңеш - 1 депутаты (макулдашуу боюнча);
- Жайыл районун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын өкүлү - 1 (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Жайыл районун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү 1 (макулдашуу боюнча);
- Талды – Булак айыл округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн өкүлү; Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтүнүн башчысы
- Талды – Булак айылдык округунун Талды – Булак айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча коомдук, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү (кеңеш берүүчү добуш укугу менен).
Талды-Булак айыл окмотунун башчыс |
А. Абдыбачаев |