Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-августу №238/40-2
Токмок шаардык кеңешинин Регламентине өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 21б. 5п. жана 1п., 28б. 2п. ишке ашыруу багытында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Коллегиясынын 25.07.2011ж. № 06/06 Токтомунун жана ЖӨБУАнин 11.08.2011ж. №01-9/47 буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин Регламентине төмөнкү редакцияда өзгөрүүлөр жана кошумчалар киргизилсин:
«Глава V. Депутаттык фракция.
Статья 35. Депутаттык фракция–шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын катарынан түзүлгөн шаардык Кеңештин депутаттарынын биригиши.
Шаардык Кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (мындан ары - фракциялар). Шаардык Кеңеште көпчүлүк деп, шаардык Кеңеште фракциялык коалиция түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбү бар фракция же коалициялык фракция эсептелет.
Көпчүлүк фракциянын же коалициялык фракциянын курамына кирбеген фракция же фракциялар шаардык Кеңеште азчылык деп эсептелишет.
Депутаттык фракциялар тең укуктуулукка ээ.
Статья 36. Депутаттык фракция, фракциянын курамына кирүүнү каалаган депутаттардын чечими боюнча каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Шаардык Кеңештин депутаттары, Шаардык Кеңештин саны 7 (жетиден) кем эмес депутаттык фракцияны түзүүгө укуктуу. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу. Фракция шаардык Кеңештин төрагасына фракциянын аталышын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен, депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арыз берет. Депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коёт. Фракциянын иш тартиби жана фракциядан депутаттардын чыгышын, фракция өзү аныктайт.
Фракциялар коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар, фракциялардын макулдашуусу менен таризделет.
Фракцияларды каттоо шаардык Кеңештин аппараты тарабынан, анын түзүлүшү жөнүндө жазуу түрүндөгү кабар берилген күндөн баштап эки жумушчу күндөн кеч эмес жүргүзүлөт.
Статья 37. Депутаттык фракция түзүү жөнүндө арыз, шаардык Кеңештин сессиясында шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан угузулат.
Депутаттык фракцияны каттоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынат. Регламентке ылайык катталбаган фракция, фракциянын укуктары менен пайдаланбайт.
Статья 38. Фракциянын шаардын мэрине талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
2. Токмок шаардык Кеңешинин 37-71 беренелери ушуга ылайык 39-73 беренелери болуп саналсын.
3. Токмок шаардык Кеңешинин Регламентинин 10 беренеси кийинки редкциядай баяндалсын:
“Токмок шаардык Кеңешинин сессиясы депуттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес болгондо өткөрүлүүгө укуктуу. Токмок шаардык Кеңеши шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен чечим кабыл алат, эгер башка нерсе мыйзам менен каралбаса.“
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө Токмок шаардык Кеңешинин Мандаттык, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун турушунун туруктуу депутаттык комиссиясына, укуктартип жана коргоо комиссиясына (Джунушалиев Т.М.), Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Машалаевага жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Джаманбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2003-ж. 15-октябрдагы №6/2-1 токтому менен бекитилген. Толуктоолор, өзгөртүүлөр шаарКеңештин 2008-ж. 13-июнундагы №32/7-2 токтому менен киргизилген. Толуктоолор, өзгөртүүлөр шаар Кеңештин 2011- ж. 20-августундагы №238/40-2 токтому менен киргизилген. |
1-берене. Токмок шаардык Кеңешинин регламенти Кеңештин ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт жана андан аркы демократиялык принциптердин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берүүгө жана Кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чакырылган.
Статья 2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Токмок шаардык Кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Токмок шаары шаардык жамааттардын аймактык бирикмеси болуп эсептелет. Аймактык өз алдынча башкаруу шаарда, тике шайлоолордун жүрүшүндө жалпы жана тең шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө шаардыктар тарабынан шайланган шаардык депутаттардын Токмок шаардык Кеңеши аркылуу жүргүзүлөт.
Статья 3. Токмок шаардык Кеңеши аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет жана мыйзам менен каралаган чектерде шаардын жергиликтүү жамааттарынын кызыкчылыктарын көрсөтөт. Депутаттардын Токмок шаардык Кеңеши сессия сайын иштеген 30 депутаттан турат.
Статья 4.Токмок шаардык Кеңешинин депутатына, КРдин Конституциясы, КРдин “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзам жана Республиканын башка мыйзамдык актылары тарабынан аныкталган, анын укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздашат.
Статья 5. Токмок шаардык Кеңешинин регламенти Кеңештин сессиясында кабыл алынат. Регламентке өзгөртүүлөр жана тактоолор Кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиялардын же 1/3 депутаттардын демилгеси боюнча киргизилет.
Статья 6. Токмок шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп, бекитилген планга ылайык төрага чакырган, ошондой эле туруктуу комиссиялардын же 1/3 депутаттардын сунуштары боюнча, кварталда бир жолудан кем эмес, кезексиздери зарыл учурларда чакырылган сессиялар эсептелет.
Статья 7. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясын чакыруу жөнүндө төрага тескеме чыгарат, ошондой эле сессияны уюштурууну, отурумга киргизиле турган маселелерди даярдоону камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитет. Сессиянын убактысы жана өткөрүлө турган жери жөнүндө төрага, аппарат жазуу түрүндө же телефонограмма менен ар бир депутатка кабарлайт, ошондой эле калкка сессияга чейин бир жума мурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт.
Сессияга кароого киргизиле турган маселелер боюнча, төрага жана аппарат материалдарды депутаттарга сессия башталганга чейин 5 күндөн кеч эмес беришет. Туруктуу комиссиялар жана тиешелүү бөлүмдөр менен макулдашылган долбоорлор, аппаратка сессия башталганга чейин 5 күн эрте берилет. Сессиянын болжолдуу мөөнөттөрү жана сессияга киргизиле турган негизги маселелер, Токмок шаардык Кеңеши бекиткен иш планы менен аныкталат.
Статья 8. Кезексиз сессияны төмөнкүлөр чакыра алышат:
- Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы;
-туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча;
-депутаттардын тобу (1/3 кем эмес)
Статья 9. Токмок шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндөгү депутаттардын, туруктуу комиссиялардын сунуштары Токмок шаардык Кеңешинин төрагасына, жазуу түрүндө кароого сунушталуучу маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиясын чакыруунун зарылдыгын кыскача негиздөө менен жөнөтүлөт.
Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндөгү кабар, демилгелүү документти берүү күнүнө чейин 5 күндүк мөөнөттөн кеч эмес берилет.
Төрага жана аппарат кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө депутаттарды анын ачылышына чейин 3 күн эрте кабарлайт. Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда күн тартибинин долбоору жана сессиянын материалдары депутаттарга сессия күнү же каттоо өткөрүлүп жатканда берилет.
Статья 10. “Токмок шаардык Кеңешинин сессиясы депуттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес болгондо өткөрүлүүгө укуктуу. Токмок шаардык Кеңеши шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен чечим кабыл алат, эгер башка нерсе мыйзам менен каралбаса. “
Статья 11. Сессиянын ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө депутат бир күн эрте кабарлайт.
Статья 12.Сессиянын ишине кеңеш берүүчү добуштары менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катыша алышат.
Отурумга төмөнкүлөрдү чакырууга болот:
-бардык деңгээлдеги Кеңештин депутаттары;
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрү;
- АКӨБдүн жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү;
- жарандар жана башка коомдук уюмдардын, эмгек жамааттарынын өкүлдөрү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
Статья 13. Сессияга киргизиле турган материалдардын, токтомдордун долбоорлорун төмөнкүлөр даярдашат:
- Токмок шаардык Кеңешинин аппараты;
- депутаттар жана туруктуу комиссиялар;
- Токмак шаарынын мэриясы;
- ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кээ бир жарандар.
Токтомдордун долбоорлорунда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булагы, ошондой эле чечимдердин аракетке кирүү убагы;
-кызыкдар уюмдар, өз алдынча башкаруунун тиешелүү аймактык органы менен, ошондой эле зарыл учурда – мамлекеттик бийликтин тиешелүү органы менен макулдашылган болушу керек. Чечимдин долбоору берилгенден кийин эки жуманын ичинде тиешелүү макулдашуу берилбеген учурда, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
-ушул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана мурда алынган чечимдерди жокко чыгаруу жана өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болушу керек.
Документация мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Статья 14. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясын төрага, ал жок болсо, анын орун басары өткөрөт. Токмок шаардык Кеңешинин жаңы чакырылышы өзүнүн биринчи сессиясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзам аныктаган тартипте чогулат.Жаңы чакырылыштын биринчи сессиясын шаардык Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат жана алып барат. Шаардык Кеңештин төрагасы шайлангандан кийин, шаардык Кеңештин сессиясын төрага алып барат.
Статья 15. Токмок шаардык Кеңешинин сессиялары жана туруктуу комиссиялардын отурумдары ачык болуп эсептелет жана ачык жүргүзүлөт.
Статья 16. Токмок шаардык Кеңешинин чечими боюнча сессиянын жабык отуруму өткөрүлүшү мүмкүн.
Статья 17. Сессиялар мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт.
Статья 18. Шаардык Кеңештин токтомдору ачык добуш берүү менен кабыл алынат, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен, Токмок шаардык Кеңешинин төрагасын, мэрди шайлаган учурларда, добуш берүү жашыруун болуш керек жана шаардык Кеңештин депутаттарынын добушунун көпчүлүгү менен шайланат. Токмок шаарынын мэрине же шаардык Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөөдө дагы, добуш берүү жашыруун болушу керек. Шаардык Кеңештин төрагасын чакыртып алуу же мэрге ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү чечим, эгерде ага депутаттардын жалпы санынын 2/3 кем эмес добуш берилген болсо кабыл алынды деп эсептелет.
Статья 19. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында, депутаттардын ыйгарым укук мөөнөтүнө депутаттардын ичинен, альтернативалык негизде шайланат.
Статья 20. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо депутаттардын курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесинин катышуусунда, жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүнөн ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгер шаардык Кеңештин төарагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири дагы депутаттарынын жалпы санынын тиешелүү көпчүлүк добушун албаса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
Эгерде кайра добуш берүүдө эки талапкердин бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган добушту албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо өткөрүлөт. Ушул эле учурда мурда көрсөтүлгөн талапкерлерди кайра көрсөтүүгө жол берилет.
Статья 21. Кеңештин төрагасы сессияларды чакырат, ишти уюштурат жана Кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алат, комиссиялардын ишмердүүлүгүн координациялайт. Шаардык Кеңешинин төрагасы катары ал Токмок шаарын мамлекеттик бийлик органдарында, сотто, коомдук уюмдарда көрсөтөт, жумушчу аппаратын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы тиешелүү кызматтарды жетектейт, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө укуктуу.
Статья 22. Шаардык Кеңешинин төрагасы, мыйзамдар менен каралган, ошондой эле шаардык Кеңеш тарабынан берилген башка функцияларды да аткарат.
Статья 23. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы:
- Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарынын талапкерлигин, шаардык Кеңештин сессиянда ачык добуш берүү менен шайлоо үчүн сунуштайт;
- Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу кызматкерлеринин арасында милдеттерди бөлүштүрүүнү бекитет;
- шаардык Кеңештин жооптуу катчысынын көрсөтмөсү боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- шаардык Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт.
Статья 24. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, Токмок шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорго кол коёт, Токмок шаардык өз алдынча башкаруунун төрагасы катары тескемелерди, буйруктарды чыгарат. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы бештен кем эмес санда, коомдук башталышта кеңешчилерди, жардамчыларды алууга укуктуу.
Статья 25. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунушту Кеңештин отурумуна туруктуу комиссиялардын экиден кем эмес же депутаттардын жалпы санынын 2/5 бөлүгү менен киргизүүгө болот.
Статья 26. Токмок шаардык Кеңеши, төраганын көрсөтмөсү боюнча- Кеңештин төрагасынын орун басарын, депутаттардын ичинен шайлайт. Талапкер, эгер Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын көбүн алса, шайланды деп эсептелет. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынат. Эгер төраганын орун басарына талапкер Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосун албаган учурда, Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы башка талапкерди көрсөтөт, ал боюнча жаңы талкуу жана добуш берүү өткөрүлөт.
Статья 27. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон учурларды аны алмаштырат же ал өз милдеттерин аткара албаган учурда, өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта жүргүзөт.
Статья 28. Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы протоколду жүргүзүүнү уюштурат, чыгып сүйлөөнү каалагандарды тизмеге алат, тааныштыруу үчүн отурумда чыгып сүйлөй турган депутаттардын тизмесин түзөт, депутаттык суроо талаптарды, маселелерди, маалым каттарды, билдирүүлөрдү, арыздарды, сунуштарды жана депутаттардын башка материалдарын материал катары каттайт, аларды жыйынтыктайт жана сессияга маалымдайт, каттоого жана добуш берүүгө көзөмөл жүргүзөт, сессиянын документтерин таратат, сессиянын дарегине түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштерди уюштурат.
Жооптуу катчы шаардык Кеңештин аппаратынын ишин уюштурат, ошондой эле:
- Токмок шаардык Кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат, алар бекитилгенден кийин аткарышынын жүрүшүн көзөмөлдөйт;
- бекитилген тартипте шаардык түзүмдөрдөн, кызмат адамдарынан, шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү үчүн маалыматтарды жана тиешелүү материалдарды сурап талап кылат жана алат;
- жогорку баскычтагы уюмдарга өз убагында маалыматтарды, отчетторду, маалым каттарды берүү боюнча иштерди уюштурат;
- шаардык Кеңешке келгендерди кабыл алууну, жарандардын даттанууларын, кайрылууларын өз убагында кароо боюнча иштерди уюштурат;
- шаардык Кеңештин токтомдорунун жана тескемелеринин тиркемелерине кол коёт.
Статья 29. Токмок шаардык Кеңеши депутаттардын ичинен, Токмок шаардык Кеңешине тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле Токмок шаардык Кеңешинин чечимдерин иш жүзүнө ашыруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн, туруктуу комиссияларды түзөт.
Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары, Токмок шаардык Кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи сессияларында, Токмок шаардык Кеңешинин ыйгарым укук мөөнөтүнө шайланат
Төраганын орун басары жана туруктуу комиссиянын катчысы туруктуу комиссиянын курамынан, анын отурумунда шайланат. Туруктуу комиссиянын курамына Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
Депутат бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Токмок шаардык Кеңеши ыйгарым укук мөөнөтүнүн ичинде жаңы комиссияларды түзүүгө жана комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Статья 30. Токмок шаардык Кеңеши мандаттык комиссияны, экономикалык маселелер боюнча комиссияны, бюджет жана финансы, социалдык-маданият маселелери ж.б. боюнча комиссияларды түзө алат. Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын сандык жана жеке курамы жөнүндөгү сунуштарды Токмок шаардык Кеңешинин кароосуна, анын төрагасы киргизет. Туруктуу комиссиясынын төрагасы, себепсиз алты айдын ичинде өз милдеттерин аткарбаган учурда, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн. Шаардык Кеңештин депутаты, ал мүчөсү болгон туруктуу комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү. Комиссиянын отурумдарына катышууга мүмүкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаты эрте эле туруктуу комиссиянын төрагасына маалымдайт.
Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына талапкерлерди талкуулоо жана аларга добуш берүү, ар бир талапкер боюнча же бардык талапкерлер боюнча бир убакта жүргүзүлөт, же шаардык Кеңештин чечими боюнча башка тартипте жүргүзүлөт. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлашат. Туруктуу комиссияларды шайлоо
Туруктуу комиссияларды бирдей чечими менен таризделет, анда түзүлгөн комиссиялардын аталыштары, ар бир комиссиянын сандык курамы, төрагасы жана комиссиянын мүчөлөрү көрсөтүлөт.
Статья 31. Туруктуу комиссиялар Токмок шаардык Кеңешине отчет беришет. Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары өз иштерине илимпоздорду, адистерди, тажрыйбалуу кызматкерлерди ж.б. адамдарды тартууга укуктуу.
Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңеш тарабынан түзүлгөн коомдук комиссиялардын курамына депутаттардын ичинен талапкерлерди сунуштоого укуктуу.
Статья 32. Туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары:
Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары:
-Кеңештин кароосуна киргизилген экономикалык, тиешелүү аймактын социалдык жана улуттук-маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
-Кеңешке тиешелүү аймактагы социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктуранын өнүгүү маселеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө боюнча сунуштарды киргизет;
-өзүнүн аймагынын жана бюджетинин экономикалык өнүгүү планынын долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн эскертүүлөрүн даярдайт, зарыл учурларда аларды Кеңешке берет;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган чечимдеринин аткарылышына жана уставдын талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул регламент берген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- туруктуу комиссиялар аларга тиешелүү маселелер боюнча өздөрүнүн отурумдарында менчик түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрүн жана мэриянын адистеринин докладдарын отчетторун угууга жана аларга өздөрүнүн сунуштарын берүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиялардын чечимдери милдеттүү түрдө тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдар, менчик түрүнө карабастан коомдук ишканалар, мекемелер, уюмдар тарабынан каралууга тийиш. Чечимдердин каралышынын жыйынтыгы же көрүлгөн чаралар жөнүндө туруктуу комиссияларга бир айдан кеч эмес мөөнөттө билдирүү керек.
Статья 33. Туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы, ушул регламент менен аныкталат.
Статья 34. Токмок шаардык Кеңеши убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссиялардын милдеттери алар түзүлүп жатканда шаардык Кеңеш тарабынан аныкталат. Убактылуу комиссиялар депутаттардын демилгеси боюнча түзүлүшү мүмкүн.
Статья 35. Депутаттык фракция – шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын катарынан түзүлгөн шаардык Кеңештин депутаттарынын биригиши.
Шаардык Кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (мындан ары - фракциялар). Шаардык Кеңеште көпчүлүк деп, шаардык Кеңеште фракциялык коалиция түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбү бар фракция же коалициялык фракция эсептелет.
Көпчүлүк фракциянын же коалициялык фракциянын курамына кирбеген фракция же фракциялар шаардык Кеңеште азчылык деп эсептелишет.
Депутаттык фракциялар тең укуктуулукка ээ.
Статья 36. Депутаттык фракция, фракциянын курамына кирүүнү каалаган депутаттардын чечими боюнча каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Шаардык Кеңештин депутаттары, Шаардык Кеңештин саны 7 (жетиден) кем эмес депутаттык фракцияны түзүүгө укуктуу. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу. Фракция шаардык Кеңештин төрагасына фракциянын аталышын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен, депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арыз берет. Депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коёт. Фракциянын иш тартиби жана фракциядан депутаттардын чыгышын, фракция өзү аныктайт.
Фракциялар коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар, фракциялардын макулдашуусу менен таризделет.
Фракцияларды каттоо шаардык Кеңештин аппараты тарабынан, анын түзүлүшү жөнүндө жазуу түрүндөгү кабар берилген күндөн баштап эки жумушчу күндөн кеч эмес жүргүзүлөт.
Статья 37. Депутаттык фракция түзүү жөнүндө арыз, шаардык Кеңештин сессиясында шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан угузулат.
Депутаттык фракцияны каттоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынат. Регламентке ылайык катталбаган фракция, фракциянын укуктары менен пайдаланбайт.
Статья 38. Фракциянын шаардын мэрине талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
Токтомдордун долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо.
Статья 39. Токтомдордун долбоорлорунун тексттери, аларга материалдар, депутаттар тарабынан сессияда ушул долбоорлордун каралышына чейин 5 күндөн кеч эмес берилет.
Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген документтер жыйымы төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
-маселени даярдоого жооптуу адам кол койгон, докладчыны көрсөтүү менен коштомо кат;
- шаардык Кеңештин токтомунун долбоору.
Токтомдордун долбоорлорунун тексттери, аларга материалдар, шаардык Кеңештин сессиясына чейин 5 күндөн кеч эмес депутаттарга таратылат.
Статья 40. Токтомдордун долбоорлору, аларга тиркелген материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
Токтомдун долбоору, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына алдын ала талкуулоо үчүн жөнөтүлөт.
Статья 41. Токмок шаардык Кеңеши, депутаттардан түшкөн түзөтүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, токтомдордун долбоорлорун жана башка материалдарды туруктуу комиссиялардын кароосуна, отурум башталардан 2 күндөн кеч эмес жөнөтөт. Депутаттар түзөтүүлөрдү киргизишет, комиссияларда же долбоорду иштеп чыгуу тапшырылган органда алардын тексттерин талкуулоо учурунда тактоого укуктуу.
Каралган долбоор боюнча токтом, эгер ал отурумга катышкан депутаттардын көпчүлүгү менен бекитилсе, кабыл алынды деп эсептелет.
Шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселе жана долбоор боюнча докладды долбоорго жооптуу адам жасайт.
Эгер докладчы шаардык Кеңештин депутаты болбосо, кошумча докладды маселени кароого жооптуу шаардык Кеңештин депутаты жасайт.
Статья 42.Өзгөчө маанилүү маселелер боюнча токтомдордун долбоорлору эки жолку окууда каралышы мүмкүн. Эгер токтомдун долбоору талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык Кеңешинин колдоосун албаган учурда, алар тарабынан кайра окуу үчүн мөөнөт коюлат.
Экинчи жолку окууда талкуулоо мурда киргизилген түзөтүүлөр боюнча гана жүргүзүлөт.
Статья 43. Токмок шаардык Кеңеши өзүнүн отурумдарында токтомдорду кабыл алат.
Статья 44. Токмок шаардык Кеңеши жана токмок шаарынын мэриясы биргелешкен токтомдорду жана тескемелерди кабыл ала алышат.
Статья 45. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясы жана төрагасы кайрылууларды, арыздарды кабыл ала алышат.
Статья 46. Токмок шаардык Кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу, алардын аткаруу-тескөө ыйгарым укуктарын аныктоо;
-шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасын бекитүү жана аткаруусун көзөмөлдөө;
-шаардык бюджетти жана бюджеттик каражаттарды жана бюджеттик эмес фонддорду пайдалануу жөнүндө отчетту бекитүү;
-кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жергиликтүү салыкты, жыйымды, тарифтерди жана төлөмдөрдү киргизүү;
-шаардык жамааттын коммуналдык менчигин тескөө тартибин аныктоо, анын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү;
-коммуналдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү тартибин аныктоо;
-шаардын коммуналдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
- Кеңештин регламентин бекитүү;
-мыйзамда бекитилген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
-Токмок шаарынын мэрин шайлоо;
- шаардын мэринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө;
-шаардын мэри өз ыйгарым укуктарын жогорулаткан учурда, анын чечимдерин жокко чыгаруу;
-шаардын вице-мэрлерин, шаардын түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү, мэриянын аппаратынан тышкары.
- шаардын түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерине ишеним көрсөтпөө жөнүндө депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен токтомдорду кабыл алуу, бул аларды кызматтан четтетүүгө алып келет;
- КРдин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамында жазылган башка маселелерди чечүү;
-туруктуу жана башка депутаттык комиссияларды түзүү, шайлоо жана анын курамын өзгөртүү, алардын төрагаларын бекитүү;
- Токмок шаарынын мэринин жана түзүмдүк бөлүктөрдүн, муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин финансы-экономикалык маселелери жана башка ишмердүүлүктөрү боюнча отчетторун угуу;
-депутаттардын суроо-талаптарын кароо жана алар боюнча токтомдорду кабыл алуу;
-административдик –аймактык түзүлүштөр боюнча сунуштар;
- Кеңештин төрагасынын тескемелерин жокоо чыгаруу;
-жергиликтүү референдумдарды өткөрүү.
Статья 47. Процедуралык маселелер боюнча токтомдор, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, эгер ушул регламент менен бул маселелерди чечүүнүн башка тартиби аныкталбаса, чечим кабыл алынбастан протокол менен таризделет.
Статья 48. Пландардын долбоорлору, бюджет жана алардын аткарылышы жөнүндө отчеттор, ошондой эле токтомдордун долбоорлору, аларды Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында кароого чейин 10 күндөн кеч эмес Токмок шаардык Кеңешине киргизилет. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, көрсөтүлгөн документтерди алдын ала кароо жана туруктуу комиссиялар алар боюнча корутундуларды даярдоосу үчүн жөнөтөт.
Статья 49. Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары отурумга чейин бир жума эрте, Токмок шаардык Кеңешинин төрагасына өздөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын билдирет. Бюджеттин планынын долбоору жөнүндө материалдар, Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында каралганга чейин 5 күндөн кеч эмес убакытта, депутаттарга тапшырылат.
Статья 50. Токмок шаардык Кеңеши өзүнүн туруктуу комиссиялары жана алар чакырган органдар аркылуу экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарынын аткарылышынын жүрүшүн, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөйт жана бул маселелер боюнча докладдарды угат.
Статья 51. Токмок шаардык Кеңеши тике же өзү түзгөн органдар аркылуу өзүнүн токтомдорунун, мамлекеттин келечек пландарынын жана шаардын маанилүү экономикалык жана социалдык өнүгүү программаларынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Статья 52. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө Кеңештин сессиясында жылына бир жолу отчет берет.
Отчеттордун жыйынтыгы боюнча, талкуулоодон кийин токтом кабыл алынат.
Статья 53. Депутат, депутаттардын тобу, Токмок шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары, Токмок шаардык Кеңешинин төрагасына, Токмок шаарынын мэрине, шаардын аймагында жайгашкан башка органдарга, ишканаларга, уюмдарга, шаар үчүн маанилүү болгон суроо-талап менен кайрылууга, расмий түшүндүрмө берүүгө же маселе боюнча позициясын билдирүүгө укуктуу.
Суроо-талап Токмок шаардык Кеңешинин сессиясына жазуу түрүндө же оозеки киргизилиши мүмкүн. Жазуу түрүндө киргизилген суроо-талап, төрага тарабынан сессияда угузулат. Суроо-талап багытталган органга же кызмат адамына маалымат жеткирилет. Суроо-талап багытталган кызмат адамы же орган, ушул сессияда же сессиядан кийин үч күндөн кеч эмес жообун берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка берилген жооп угулгандан кийин талкууга коюлушу мүмкүн. Жооп боюнча токтом кабыл алынат.
Статья 54. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында айтылган же төрагага жазуу түрүндө берилген сунуштар жана эскертүүлөр Токмок шаардык Кеңеши тарабынан каралат же аппарат аркылуу тиешелүү органдарга, кызмат адамдарына жөнөтүлөт, алар бир айдын ичинде жообун берүүгө милдеттүү.
Статья 55. Мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана башка уюмдар, башка кызмат адамдары Токмок шаардык Кеңешине жана анын органадарына берген такталбаган маалыматтар же атайын жашырылган маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Статья 56. Токмок шаардык Кеңешинин аппараты, сессияда айтылган сын пикирлер, сунуштар менен иш жүргүзөт. Оозеки же жазуу түрүндө берилген жана Токмок шаардык Кеңешинин чечиминде чагылдырылбаган сын пикирлер, сунуштар, Кеңештин төрагасы тарабынан каралат же тиешелүү мамлекеттик жана коомдук органдарга, ошондой эле кызмат адамдарына жөнөтүлөт. Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы депутаттардын сунуштарын жана сын пикирлерин өз убагында жана туура кароого көзөмөл жүргүзөт жана аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө аларга билдирет. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында, Кеңештин төрагасы Токмок шаардык Кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле өткөн сессияларда айтылган сын пикирлер боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө депутаттарга билдирет.
Маалыматтын жыйынтыгы отурумдун протоколунда чагылдырылат.
Статья 57. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында протокол жүргүзүлөт, анда сессиянын бардык жүрүшү жана мазмуну белгиленет, протокол мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Статья 58. Сессиянын протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- Кеңештин аталышы, сессиянын катар номери (чакырылыштын чегинде), сессиянын датасы, өткөрүлгөн жери;
- Токмок шаардык Кеңешине шайланган депутаттардын жалпы саны, катышкандардын жана катышпаган депутаттардын жана отурумга катышкан, депутат эмес адамдардын саны;
-отурумду ачкан төраганын аты-жөнү;
-сессиянын күн тартиби, докладчынын жана кошумча доклад жасоочунун аты-жөнү, кызматы;
-докладчыга жана кошумча доклад жасоочуга отурумда каралаган ар бир маселе боюнча берилген суроолор жана кыска жооптору;
-жарыш сөзгө чыккан депутаттардын жана башка депутат эмес адамдардын аты-жөндөрү, кызматтары;
-депутаттардан түшкөн суроолор жана аларга жооптор;
-кабыл алынган чечимдердин аталыштары, анын ичинде депутаттардын суроо-талаптары боюнча жана добуш берүүнүн жыйынтыктары.
Сессиянын протоколуна Токмок шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдор, катышкан депутаттардын, катышпаган депутаттардын тизмеси себебин көрсөтүү менен, докладдардын тексттери, талкууланган маселелер боюнча чыгып сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмуну, ошондой эле чыгып сүйлөөгө жазылган, бирок чыкпай калган депутаттардын сөздөрүнүн тезистери тиркелет.
Токтомдордун экиден номери болот: алымында- катар номери ( өсүү жыйынтыгы менен), чакырылыштын чегинде, бөлүмүндө-отурумдун катар номери жана дефис аркылуу чакырылыштын номери.
Статья 59. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясынын протоколу 10 күндүн ичинде таризделет жана төрага тарабынан кол коюлат, ал жок болсо Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколдогу жазуулардын тууралыгына Токмок шаардык Кеңешинин катчысы жооп берет.
Сессиянын өз убагында таризделишине жоопкерчиликти Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы тартат. Чыгып сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмунун оңдоого тыюу салынат.
Статья 60. Протоколдун түп нускасы бекитилген мөөнөттүн ичинде Токмок шаардык Кеңешинин аппаратынын иш папкаларында сакталат, андан кийин мамлекеттик архивге дайыма сактоого өткөрүлөт.
Статья 61. Токмок шаардык Кеңешинин сессиясынын протоколдору депутаттарга алардын талабы боюнча таанышуу үчүн берилет.
Статья 62. Токмок шаардык Кеңешинин өзгөчө маанилүү маселелер боюнча токтомдору шаардык басылмада толугу менен же кыскартылган түрдө берилет.
Статья 63. Токмок шаардык Кеңешинин токтомдору сессиядан кийин 10 күндүн ичинде аткаруучуларга, туруктуу комиссияларга, ошондой эле кызыкдар уюмдарга таратылат.
Статья 64. Токмок шаардык Кеңешинин токтомдорун аткаруу, анын төрагасы жана туруктуу комиссиялар тарабынан камсыздалат.
Статья 65. Токмок шаардык Кеңеши тарабынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар жана башка органдар, депутаттар Кеңештин токтомдорун аткарууну уюштурууга катышышат, анын төрагасына аларды аткаруунун камсыздоого жана көзөмөл жүргүзүүгө активдүү көмөк көрсөтүшөт.
Статья 66. Токмок шаардык Кеңешинин жана Токмок шаарынын мэриясынын өз ара мамилелери, өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийликтерин бөлүү принциптеринин негизинде жүргүзүлөт, ага ылайык Кеңешке жана мэрияга шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине жана КРдин мыйзамы менен алардын компетенциясына берилген башка бардык маселелерди чечүүдө өз алдынчалыкка кепилдик берилет. .
Статья 67. Токмок шаардык Кеңешинин мэрия менен бирдикте, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн ар кандай комиссияларды жана коомдук түзүмдөрдүн башка формаларын уюштура алышат.
Статья 68. Токмок шаардык Кеңешинин жана Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, талаш маселелерди чечүү үчүн макулдашуу комиссияларынын түзүлүшү мүмкүн.
Статья 69. Токмок шаардык Кеңеши депутаттардын атынан шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, шаардын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууда жана аткарууда жана шаардын бюджетин түзүүдө, алардын сунуш-талаптарын, кызыкчылыктарын көрсөтөт жана эске алат.
Статья 70. Шайлоочуларды кабыл алуу жана төрага, орун басары жана депутаттар менен жолугушуусу, Кеңеш аныктаган тартипке ылайык дайыма жүргүзүлөт.
Статья 70/1 Токмок шаардык Кеңешинин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланышта болот, аларды шаардык Кеңештин иши, пландардын аткарылышы жана экономикалык жана социалдык программаларынын, шайлоочулардын сунуш-талаптарынын аткарылышы жөнүндө дайыма маалымдап турат, шайлоо округунун аймагында өткөрүлүүчү жалпы иш-чараларга катышып турат, коомдук пикирди, тургундардын керектөөлөрүн иликтейт, жарандардын маселелерин жана мыйзамдык талаптарын чечүүгө чара көрөт.
Статья 70/2 Шаардык Кеңештин депутаты коомдук башталышта үчтөн көп эмес жардамчы алууга укуктуу. Депутаттын жардамчылары депутаттын статусуна ээ эмес жана анын укуктары менен пайдаланышпайт.
Депутат өзүнүн жардамчыларынын ишмердүүлүгү үчүн жооп берет.
Депутаттын жардамчысына күбөлүк берилет.
Статья 71. Токмок шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгү менен байланышкан чыгымдар сметасы, төраганын көрсөтүүсү боюнча Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
Статья 72. Токмок шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жана башка тейлөө Токмок шаардык Кеңешинин аппараты жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан камсыздалат.
Статья 73. Токмок шаардык Кеңешинин ишин уюштуруу жана ага аткаруу-тескөөчү ыйгарым укуктарды берүү үчүн жумушчу аппарат түзүлөт, аппараттын түзүмүн жана штаттык санын Кеңеш бекитет.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева
|