Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012- жылдын 20-июлу №13/5-3
Токмок муниципалдык ветеринардык кызматын түзүү жөнүндө
Токмок шаарынын аймагында эпизоотикалык ылайыктуу шарттарды камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация Министрлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария Департаментинин өтүнүч катын жана Токмок шаардык мэриясынын өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, социалдык маселе боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок муниципалдык ветеринария кызматын түзүүгө маакулдук берилсин.
2. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын Жобосу, түзүмү жана штаттык саны бекитилсин (тиркеме №1, №2, №3).
3. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын Жобосу орнотулган тартипте юстиция органдарында катталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрөгасы |
Р. Таманбаев
|
| Тиркеме №1 Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылы 20-июлу №13/5-3 токтому менен бекитилген |
Токмок муниципалдык ветеринардык кызматы жөнүндө ЖОБО
1.1. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматы (мындан ары аталышы - ТМВК) Токмок шаарында борбордук мекеме болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамынын тартибинде шаарда ветеринардык ишти жетектөө үчүн түзүлөт.
1.2. Токмок мунипиципалдык ветеринардык кызматынын уюштуруучусу болуп Токмок шаарынын мэриясы эсептелет жана кызмат өзүн өзү каржылоо эсебинен кармалат.
1.3. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматына шаардын аймагында жайгашкан базарлардагы ветеринардык – санитардык экспертиза жүргүзүү лабораториялары, ветеринардык мекемелер жана участоктор кирет.
1.4. ТМВК өзүнүн ишин Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигинин алдында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзөт.
1.5. ТМВКнын штаттык саны жана түзүмү Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
1.6. ТМВК Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан катталган учурдан баштап, КР мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет.
1.7. Өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн алыш-бериш эсеби жана учурдагы эсеби, өз алдынча балансы, кызматтын аталышы менен гербдүү мөөрү жана бурч мөөрү бар.
1.8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Токмок шаары, Борончиев көчөсү 38-6 үй.
1.9. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Токмок шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
2.1.Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаарда ветеринардык ишти жетектөө жана ветеринардык иш-чараларды, алдын алуу ыкмаларын жана жаныбарларды дарылоону уюштурууну өнүктүрүүнүн негизинде аны андан ары өркүндөтүү;
- жаныбарлардын оорулары менен күрөшүү максатында, ветеринардык көзөмөлдү- уюштуруу жана ишке ашыруу, малдын азыктуулугун жогорулатуу жана ветеринардык- санитардык жактан жогорку сапаттагы мал азыктарын чыгаруу;
- шаардын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын козгогучтарынын таралышынан коргоо жана калктын ден соолугун анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардан сактоо боюнча чараларды көрүү;
-шаардын аймагында Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын, тескемелердин, буйруктардын жана ветеринария маселеси боюнча жогорку баскычтагы органдардын нускамаларын аткарууну талап кылуу жана көзөмөл жүргүзүү;
-шаардын аймагында жаныбарлардын ооруларынын жана чыгаша болуусунун алдын алууга багытталган ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы жана дарылоо иш-чараларын иштеп чыгуу жана аткарууну уюштуруу;
-жаныбарлардын өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларынын чыгышынын, таралышынын алдын алуу жана жоюу боюнча иш - чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу жана аларды аткарууга материалдык-техникалык камсыздоо;
-базарларда малды жана канаттуларды союуда, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балык жана өсүмдүк азыктарын сатууда ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүүнү, ветеринардык жактан коопсуз азыктарды чыгарууну жана сатууну уюштуруу жана көзөмөлдөө.
3.1.Токмок муниципалдык ветеринардык кызматы көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:
- жаныбарлардын оорусу менен күрөшүү жана профилактика боюнча иш -чараларга усулдук жетекчилик жүргүзөт;
-КР «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын мамлекеттик, кооперативдик, ведомстволук, коомдук ишканалар, уюмдар, мекемелер, фермердик, жеке ишкердик уюмдар жана айрым жактар тарабынан аткарылышын, КР Өкмөтү, Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Мамлекеттик ветеринария департаменти жана Токмок ш. мэриясы чыгарган токтомдордун, тескемелердин, буйруктардын, нускамалардын жана башка иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
-шаарда эпизоотияга каршы иш -чаралар планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, жаныбарлардын оорусунун алдын алууну жана жок кылууну, ошондой эле шаардын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын козгогучтарынын таралышынан коргоону туура уюштурууну жана чараларды көрүүнү көзөмөлдөйт;
-эт-сүт кайра иштетүүчү ишканаларынын, базарлардын, ветдарыканалардын, жарманкелердин ветеринардык – санитардык абалын, ошондой эле адамдардын тамак –аштан уулануусунун алдын алууга багытталган ветеринардык – санитардык иш-чараларды өткөрүүнү көзөмөлдөйт;
- мал чарба объекттерин, мал базарларын, эт комбинаттарын, мал союучу жайларды, сүт заводдордун жана башка мал чарба азыктарын кайра иштетүү, сактоо боюнча ишканаларын куруу долбоорлорун макулдашууга, курулуш үчүн жер тандоого жана колдонууга берүүгө катышат;
- дайыма шаардын ветеринардык – санитардык абалын иликтейт жана шаардагы алдын алуу иш-чараларын пландаштырат, жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча жайсыз делген пункттарда сакайтуу иш-чараларынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жаныбарларды диспансеризациялоону, ар кандай диагностикалык иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, жаныбарлардын чыгашасынын себебин аныктайт жана алар боюнча корутунду берет;
- шаардын аймагында ветеринардык кызмат көргөзүү боюнча ишкердик жүргүзүүнү каалаган юридикалык жана жеке жактарга, бул ишмердүүлүк мене алектенүүгө шарттарынын ылайыктыгы тууралуу жана лицензия алууга корутунду берет;
- малдарды, канаттууларды жана мал чарбасынын чийки азыктарын жана жем-чөп сатууда, жаныбарларды даярдоого, малды айдоого, ташууга жана малдарды союуга, мал чарба азыктарын ташууга, сактоого жана сатууга ветеринардык – санитардык көзөмөл уюштурат жана жүргүзөт;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурларда, айрым короого жана мал чарба объектилерине карантин киргизүү жөнүндө, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуусуна, таралышына жол бербөө жана ветеринардык ишти жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды Токмок ш. мэриясына кароого киргизет;
- ветеринария маселелери боюнча ведомстволук жана жеке ветеринария кызматкерлерине, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ветеринария боюнча кеңеш берет, калктын арасында ветеринардык – агартуу иштерин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзөт жана жогорку баскычтагы органдарга, мэрияга жана КР Мамлекеттик ветеринария департаментине берет.
4.1. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын адистери өз кометенцияларынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
-күнү-түнү каалаган убагында, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп ветеринардык көзөмөлдөгү объектилерге барууга жана ветеринардык–санитардык бузуулар табылса, жоюу жөнүндө милдетүү түрдө аткаруу үчүн сунуш берүүгө;
- фермердик жана башка мал чарба объектилеринде, эт-сүт, кайра иштетүүчү жана сырьелук ишканаларда, заводдордо, ошондой эле мал чарба азыктарын даярдоо, сактоо жана кайра иштетүүнү жүргүзгөн уюмдарда ветеринардык – санитардык эрежелердин аткарылышын текшерүүгө;
-ветеринардык мекемелердин жана жеке ветеринардык түзүмдөрдүн кызматкерлерине ветеринардык – санитардык эрежелерди, диагностикаларды, эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча усулдук көрсөтмө берүүгө;
- ветеринардык диагностикалоо жана дарылоо иштеринин абалын, мамлекеттик жана ведомстволук ветеринардык кызматтарда эсеп иш кагаздарын алып барууну, ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын ишинин уюштурулушун текшерүүгө;
- фермердик чарбаларга, ишканаларга, уюмдарга, ошондой эле жарандарга ветеринардык – санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү тууралуу көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- кызмат адамдарынан жана жарандардан, эпизоотиялык кырдаалды аныктоо үчүн, ошондой эле шаардын аймагында жайгашкан фермердик чарбалардын, мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын ветеринардык – санитардык абалы жөнүндө зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүсүн талап кылууга;
- белгиленген тартипте ветеринардык күбөлүктөрдү жана ветеринардык маалым каттарды берүүгө;
- ветеринардык – санитардык эрежелерде каралгандай, ушул максатка атайын бөлүнбөгөн орундарда малды союуга жана мал жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатууга, ошондой эле мал чарба азыктарын пайдаланууга, даярдоого жана ташып кетүүгө тыюу салууга;
- бардык мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга жана шаардын жарандарына, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдары менен ооруганда малды союу же жок кылуу, ошондой эле колдонууга жарабаган жаныбарлардан алынган сырьену жана азыктарды жок кылуу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарууга көрсөтмө берүүгө;
-ветеринардык тажрыйба менен алектенген юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринардык мыйзамдар бузулган учурда, Мамлекеттик ветеринария департаментине, алардын лицензиясын чакыртып алуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
V.Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын жетекчилиги
5.1. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматын башкаруучу жетектейт, ал бир эле учурда башкы ветеринардык дарыгер болуп саналат. Ал ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын башкарууга, ошондой эле ветеринардык кызматынын мүлк – материалдык баалуулуктарынын сакталышына жоопкерчиликтүү.
5.2. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын башчысы Токмок ш. мэринин буйругу менен дайындалат жана бошотулат.
5.3. ТМВК кызматкерлери кызмат ордуна башчынын буйругу менен дайындалат жана бошотулат.
5.4. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын башчысы ТМВКнын жана ведомстволук мекемелердин ишмердүүлүгүн жетектейт, ветеринардык кызматтын ички тартибинин эрежелерин жана кызматкерлеринин кызмат нускамаларын бекитет.
5.5. Жетекчи кызматкерлерине кызматында жетишкен ийгиликтери үчүн белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле алар эмгек жана өндүрүш тартибин бузган учурда жана башка жорук кылганда жаза көрүү чараларын колдонот.
6.1. Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын мүлкү негизги жана жүгүртмө каражаттардан турат жана кызматтын балансында турат.
VII. Жоюу
7.1. ТМВКнын ишмердүүлүгүн токтотуу аны жоюу же кайра уюштуруу түрүндө жүргүзүлөт.
7.2. ТМВКнын ишинин токтотулушу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Токмок ш. мэриясынын өтүнүч каты боюнча, Токмок шаардык Кеңеши кабыл алат.
7.3. ТМВК кайра уюшулганда анын укуктары жана милдеттери укук мураскерге өтөт.
7.4. ТМВК жоюлса же кайра уюштурулса, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Эмгек Кодексине ылайык, кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына кепилдик берилет.
7.5. Кызматтын ишмердүүлүгү токтогондо бардык иш кагаздары шаардык архивке сактоого өткөрүлүп берилиш керек.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева |
| №2 тиркеме Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 20- июлундагы №13/5-3 токтому менен бекитилген |
Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын штаттык саны
Кызмат орундардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 1 |
ЛВСЭнин башчысы | 1 |
Башкы адис | 3 |
Жетекөөчү адис | 5 |
Адис | 2 |
Айдоочу | 1 |
КТК жана ТТК | 4 |
Жыйынтыгы | 18 |
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева |
| №3 тиркеме Токмок шаардык кеңешинин 2012-ж. 20 июлундагы №13/5-3 токтому менен бекитилген |
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева |