Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 29/6-3
Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2012-жылдын 21-августундагы №12/125-12 жана №12/126-12 сунуштарын, ошондой эле Токмок ш. прокуратурасынын 21.08.2012-жылдагы №12/127-12 талабын карап, Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорду Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы №13/5-3 токтому менен бекитилген «Токмок муниципалдык ветеринардык кызматын түзүү жөнүндө» Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын Жобосунун 4-беренесинин 4.1 пунктунун, экинчи абзацынан «тоскоолдуксуз» сөзү алынып салынсын.
2. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган 15/5-3 жана 16/5-3 соттун кароосундагы токтомдору, сот акыркы чечим кабыл алганга чейин өзгөрүүсүз калтырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын тизмесине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | Р. Таманбаев
|