Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №118/ХVIII-25
2011-жылы Ак-Кудук айылдык округунун Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
“2011-жылга Ак-Кудук айылдык округунун айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы О.Г.Котлярованын отчетун угуп жана талкуулап, 28-март 2011-жылы өткөн бюджеттик угууларда айылдык округдун бюджети майда –чүйдөсүнө чейин талкууланган деп Ак-Кудук айылдык округу белгиледи. Бюджеттик угууларда айтылгандар, сунуштарды эске алып, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди. “Жергиликтүү мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу админстрациялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 беренесинин негизинде
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү сунуш кылган киреше бөлүгү боюнча 8531,3 сом чыгаша бөлүм боюнча 8531,3 сом 2011-жылга бюджетти бекитилсин.
2. №2 тиркемеге ылайык айлык акынын лимити бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү жана финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |