ТоктомКүчүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-мартындагы №118/ХVIII-25 «2011-жылы Ак-Кудук айылдык округунун Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция29.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХVIII сессиясы

 

2011-жылдын 29-марты №118/ХVIII-25

2011-жылы Ак-Кудук айылдык округунун Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

“2011-жылга Ак-Кудук айылдык округунун айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы О.Г.Котлярованын отчетун угуп жана талкуулап, 28-март 2011-жылы өткөн бюджеттик угууларда айылдык округдун бюджети майда –чүйдөсүнө чейин талкууланган деп Ак-Кудук айылдык округу белгиледи. Бюджеттик угууларда айтылгандар, сунуштарды эске алып, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди. “Жергиликтүү мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу админстрациялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 беренесинин негизинде

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү сунуш кылган киреше бөлүгү боюнча 8531,3 сом чыгаша бөлүм боюнча 8531,3 сом 2011-жылга бюджетти бекитилсин.

2. №2 тиркемеге ылайык айлык акынын лимити бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү жана финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким