Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты №113/XXII-25

Жээк айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339-беренесинин негизинде, 2011-жылга айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо үчүн Жээк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жээк айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жээк айыл өкмөтүнө:

-Бул токтомду нормативдик-укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн КР юстиция министрлигинен каттоо жүргүзсүн.

-Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси. айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөө бул токтомдун жетегинде жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Жээк айылдык

кеңешинин төрайымы

 

З. Сыйналапова