ТоктомКүчүндө

Жээк айылдык кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №113/XXII-25 «Жээк айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө» токтому

Редакция31.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты №113/XXII-25

Жээк айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339-беренесинин негизинде, 2011-жылга айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо үчүн Жээк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жээк айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К-1 жер салыгы 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жээк айыл өкмөтүнө:

-Бул токтомду нормативдик-укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн КР юстиция министрлигинен каттоо жүргүзсүн.

-Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси. айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөө бул токтомдун жетегинде жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Жээк айылдык

кеңешинин төрайымы

 

З. Сыйналапова