Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 67
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарына инвестицияларды тартуу, Бишкек шаарына эстетикалык көрүнүш берүү, шаардык бюджетти толтуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- Жобонун 66-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Аялдама комплекстери жана жер алдындагы өтмөлөр комиссиянын чечими менен соодалоо өткөрүүсүз берилүүсү мүмкүн".
2. "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобонун "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке рыноктук ижара төлөмү менен ижара укуктарды берүү тартиби эрежелери" 1-тиркемесине төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган өзүнчө турган турак эмес имараттарды курулмаларды же жайларды соодалоого койгон учурда, айлык рыноктук төлөмдүн баштапкы ставкасына объекти тейлөө үчүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган жанаша жаткан жер участогу үчүн дагы ижара төлөмү кирет. Ошону менен бирге жер участогунун ижара төлөмү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык чегерилет.
3. Бишкек шаарынын мэриясы өздүк ченемдик-укуктук актыларды бул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |