Загрузка документа…
Каракол шаардык кеңешинин
2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4
токтомуна ылайык
күчүн жоготту
| Каракол шаардык депутаттар Кенешинин токтомуна №1 тиркеме |
Каракол шаарынын муниципалдык аймактык
коомдук өз алдынча башкаруусу жөнүндө
ЖОБО
1.1 Бул жобо Кыргыз Республикасынын 12-январь 2002-жылдагы №5 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү администрациясы» Законуна, 10-октябрь 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Токтомуна, Каракол шаарынын Уставына жана Каракол шаардык депутаттар кенешинин №25-35/3 1-июль 2011-жылдагы «Каракол шаарынын муниципалдык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу жөнүндө» чечиминин негизинде иштелип чыкты.
1.2 Бул жобо менен аймактык ѳз алдынча башкаруунун уюштуруучулук, укуктук, экономикалык жана каржылоо негиздери белгиленет. Жобо Каракол шаардык депутаттар кеӊешинин аймактардын бѳлүнүшү жѳнүндѳ токтомуна ылайык ошол жердин жашоочуларына таркалат.
1.3. МАКөБ органдарына төмөндөгүлөр кирет:
- кварталдык комитеттер,
- үй комитеттери;
- аксакалдар соту, аялдар кенеши, жаштар кенеши;
- аймактагы жашоочулардын жергиликтүү шартка, каада-салтка жараша түзүлгөн башка органдары;
- кондоминиумдар, ведомстволук үйлөр, ЖСК, жатаканалар.
МАКөБ Каракол шаардык депутаттар Кенеши бекиткенден кийин Каракол шаарынын мэриясынын (мындан ары - Мэрия) токтому менен жергиликтүү маанидеги жана ошондой эле Каракол шаарынын өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарынын чегиндеги маселелерди чечүү үчүн түзүлөт.
Каракол шаарында муниципалдык аймактык округдардын (7 МАКѲБ, алардын ичинде 22 кварталдык комитет) чек аралары төмөндөгүчө:
№1 МАКөБ кирген чек аралары:
Каракол дарыясы боюнча Жалил көчөсүнөн шаардын түндүк-чыгыш четинен Бектенов көчөсүнө чейин, Бектенов көчөсүнөн сол жак бетинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ю. Адрахманов көчөсүнүн он жак бетинен, Валиханов көчөсүнүн он жак бетинен- Жалил көчөсүнө чейин, Жалил көчөсүнүн сол жак бетинен Каракол дарыясына чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал : Кыргызстандын 50-жылдыгы көчөсүнүн так сан жагы, Пржевальск көчөсүнүн жуп сан жагы, Кутманалиев көчөсүнүн так сан жагы, Бектенов көчөсүнүн жүп сан жагы, Кыргызстандын 50-жылдыгы көчөсүнүн айланпа жолу боюнча.
№ 2 квартал : Каракол дарыясынын жээги, Алымкулов көчөсүнүн жуп сан жагы , Жалил көчөсүнүн жуп сан жагы, 927884 Аскер бөлүгү.
№ 3квартал :Валиханов көчөсүнүн так сан жагы, Кыргызстандын 50-жылдыгы көчөсүнүн жуп сан жагы, шаардын түштүк жагынан Валиханов көчөсүнө чейин жана Пржевальский көчөсүнүн так сан жагы, Ю. Абдрахманов көчөсүнүн жуп сан жагынан Пржевальский көчөсүнө чейин.
№ 2 МАКөБ кирген чек аралары:
Каракол дарыясынан Жалил көчөсүнүн он жагы, Валиханов көчөсүнүн сол жагынан Куренкеев көчөсүнө чейин, Куренкеев көчөсүнө чейин, Куренкеев көчөсүнүн сол жагынан Каракол дарыясы боюнча Токтогул көчөсүнө чейин, Каракол дарыясына чейин түндүк-батыш жагы.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: Каракол дарыясы боюнча, Куренкеев көчөсүнүн жуп сан жагы, Валиханов көчөсү, Жалил көчөсүнүн так сан жагы.
№ 2 квартал: Каракол дарыясы, Токтогул көчөсүнүн жуп сан жагы, шаардын чыгыш тарабына чейин, Пржевальский көчөсүнүн так сан бети боюнча Каракол дарыясына чейин.
№ 3 квартал: Каракол дарыясы боюнча, Токтогул көчөсүнүн жуп сан жагы, шаардын чыгыш тарабына чейин, Пржевальский көчөсүнүн так сан жагы боюнча Каракол дарыясына чейин.
№ 3 МАКөБ кирген чек аралары
Каракол дарыясынан Куренкеев көчөсүнүн он жагы боюнча, Ленин көчөсүнүн он жагы, Токтогул көчөсүнүн он жагы боюнча Асаналиев көчөсүнө чейин, Ленин көчөсүнүн сол жагы боюнча, Коенкозов көчөсүнө чейин, Коенкозов көчөсүнүн сол жагы боюнча, Каракол дарыясына чейин. Каракол дарыясы аркылуу Искаков көчөсү боюнча, шаардын батыш чегинен Токтогул көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүнүн он жагы боюнча Каракол дарөясына чейин, Каракол дарыясы боюнча Куренкеев көчөсүнө чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: Каракол дарыясынын жээги, Куренкеев көчөсүнүн жуп сан жагы боюнча, Ленин көчөсүнүн жуп сан жагы, Токтогул көчөсүнүн жуп сан жагы боюнча Каракол дарыясына чейин.
№ 2 квартал: Токтогул көчөсүнүн так сан жагы, Асаналиев көчөсүнүн жуп сан жагы, Тыныстанов, Ленин, Коенкозов, № 93663 Аскер бөлүгүнүн батыш чеги, Каракол дарыясына чейин.
№ 3 квартал: Каракол дарыясына боюнча Токтогул көчөсүнүн так сан жагы, шаардын батыш тарабына чейин, Искаков көчөсүнүн жуп сан жагы боюнча Каракол дарыясына чейин.
№ 4 МАКөБ кирген чек аралары:
Ленин көчөсүнөн Куренкеев көчөсүнүн он жагы боюнча, Ю. Абдрахманов көчөсүнүн сол жагы боюнча Бектенов көчөсүнө чейин, чыгыш жак четинен Айни көчөсүнө чейин, Айни көчөсүнүн сол жагынан Асаналиев, Токтогул көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүнүн сол жагы боюнча Ленин көчөсүнө чейин, Ленин көчөсүнүн он жагы боюнча Куренкеев көчөсүнө чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: Бектенов, Ю. Абдрахманов көчөсүнүн так сан жагы. Токтогул көчөсүнүн жуп сан жагы, айланпа жолдон Бектенов көчөсүнө чейин.
№ 2 квартал: Куренкеев көчөсүнүн так сан жагы, Ю. Абдрахманов көчөсүнүн жуп сан жагы, Токтогул, Ленин көчөлөрүнүн жуп сан жагы.
№ 3 квартал: Токтогул көчөсүнүн так сан жагы, Жакыпов көчөсүнүн жуп сан жагы, Айни көчөсүнүн жуп сан жагы, айланпа жол боюнча Токтогул көчөсүнө чейин.
№ 4 квартал: Токтогул, Жакыпов, Айни көчөлөрүнүн жуп сан жактары, Асаналиев көчөсүнүн так сан жагы боюнча Токтогул көчөсүнө чейин.
№ 5 МАКөБ кирген чек аралары:
Ленин көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнүн он жагы, Асаналиев көчөсүнүн сол жагынан Айни көчөсүнө чейин, Айни көчөсүнүн он жагы, шаардын түндүк-чыгыш четинен Горький көчөсүнө чейин, Горький көчөсүнүн он жагынан Ахунбаев көчөсүнө чейин. Ахунбаев көчөсүнүн сол жагынан Ленин көчөсүнө чейин. Ленин көчөсүнүн он жагынан Тыныстынов көчөсүнө чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: Тыныстанов, Ленин көчөлөрүнүн так сан жагы, Айни, Асаналиев көчөлөрүнүн жуп сан жагы. Тыныстанов көчөсүнө чейин.
№ 2 квартал: Айни, Ленин көчөлөрүнүн так сан жагы, Карасаев көчөсүнүн жуп сан жагы, Асаналиев, Киров, Московский көчөлөрүнүн так сан жагы, Ахунбаев көчөсүнүн жуп сан жагы, шаардын түштүк-чыгыш тарабына чейин.
№ 3 квартал: Карасаев, Ленин көчөлөрүнүн жуп сан жагы, Ахунбаев көчөсүнүн жуп сан жагы, Горький көчөсүнүн так сан жагы, шаардын түштүк чети, Ахунбаев, Московский, Киров, Асаналиев көчөлөрүнүн так сан жактары, Карасаев көчөсүнө чейин.
№ 6 МАКөБ, кирген чек аралары:
Коенкозов көчөсүнөн Ленин көчөсүнүн сол жагы боюнча Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүнөн сол жагынан Каракол дарыясына чейин, Каракол дарыясы боюнча шаардын түштүк четине чейин, шаардын түштүк-батыш четинен Искаков көчөсүнүн он жагынан чек ара Аскер бөлүгүнүн аймагы, Коенкозов көчөсүнүн он жагынан Ленин көчөсүнө чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: Коенкозов, Ленин көчөлөрүнүн так сан жагы, Ахунбаев көчөсү, Орозбеков көчөсүнүн жуп сан жагы.
№ 2 квартал: Каракол дарыясы боюнча, № 63663 Аскер бөлүгүнүн түштүк чек арасы,Орозбеков, Ахунбаев көчөлөрүнүн жуп сан жактары, «Ысык-Көл» мейманканасынын филиалынын аймагы, Жантошев көчөсүнүн так сан жагы, Каракол дарыясына чейин.
№ 3 квартал: Каракол дарыясына чейин, Искаков көчөсүнүн так сан жагы, шаардын түштүк-чыгыш чети.
№ 7 МАКөБ, кирген чек аралары:
Горький көчөсүнөн,Ахунбаев көчөсүнүн он жагы, Каракол дарыясына чейин, Каракол дарыясы боюнча шаардын түштүк четине чейин, шаардын түштүк чети Горький көчөлөрүнө чейин, Горький көчөсүнүн сол жагы Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Анын ичинде:
№ 1 квартал: шаардын түштүк чети, Фучик, Ахунбаев көчөлөрүнүн так сан жактары, Горький, Чичерин көчөлөрүнүн жуп сан жагы.
№ 2 квартал: «Кашка-Суу» кичи району.
№ 3 квартал: Каракол дарыясы боюнча, Жантошев көчөсүнүн так сан жагы, Фучик көчөсүнүн жуп сан жагы, шаардын түштүк четинен Каракол дарыясына чейин.
2.1. Ѳз алдынча башкаруу коомдо төмөнкү негизде ишке ашырылат:
- Коомдун жергиликтүү маселелерди чечүүдө, өзүн-өзү камсыздоодо жана өзүн каржылоодо өз демилгелүүлүгү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык округдун калкы менен жергиликтүү коомдук мүчөлөрдүн, Каракол шаардык Мэриясынын, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин алдында эсеп берүүчүлүк менен көзөмөлүндө;
- Иште социалдык акыйкаттуулукту, айкындуулук менен ачыктыкты сактоо, аймактын карамагындагы коомдук уюмдар, бирикмелер жана калктын кенири катмарлары менен тыкыс байланышта болуу;
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулаган чогулуш-жыйындарында, курултайларда аймактын карамагындагы жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн эркин катышуусу;
Түзүлүшүнө жана бул жободо чагылдырылбаган баардык маселелер Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жөндөлөт.
3.1. МАКѲБнын жогорку башкаруу органы Каракол шаарынын мэриясы МАКѲБдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жана координациялоону Каракол шаарынын мэриясынын Турак жай коммуналдык чарба сектору (мындан ары - ТКЧ) жүзөөгө ашырат.
3.1.1. Каракол шаардык депутаттар кеӊешинин макулдугу боюнча Каракол шаардык Мэриясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- МАКѲБтөрдүн өздүк менчигин калыптандыруу, экономикалык жана каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча кээ бир функцияларды аткарууну келишимдик негизде МАКөБ тарына ыйгарып берүү,
- МАКѲБлардын менчигине объектилерди, турак-жай жана турак эмес фонддорду, ошондой эле өзүнүн каржы, материалдык жана башка ресурстарынын бөлүгүн өткөрүп берүү менен алардын пайдаланышынын абалын суроо укугу;
3.1.2. Каракол шаарыныны Мэриясынын өзгөчө компетенциясына, анын ичинде ТКЧ секторунун ортомчулугу аркылуу төмөндөгүлөр кирет:
- Алар өз фунцияларын, ыйгарымдарын, иш-милдетин аткарууда МАКѲБтордун ишмердүүлүгүнө күндөлүк көзөмөл,
- МАКѲБ калыптанышына жана өнүгүшүнө зарыл шарттарды түзүү, ишмердүүлүгүн координациялоо,
- МАКѲБнун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук базасын калыптандыруу;
- Колдонуудагы программаны, иш пландарын суроо, аткарган иштери жөнүндө МАКѲБнун коомдук комиссияларын, жетекчилерин угуу, отчетторун бекитүү, МАКѲБнун, анын өкүлчүлүк ыйгарымдары боюнча ишмердүүлүгүнө баа берүү,
Жободо бекитилген МАКѲБ менен өз ара дагы башка байланыш ыйгарымдарын жүзөөгө ашыруу.
4.1. МАКѲБнын аткаруу органы - Аймактын башкаруучусу. Ал конкурстук негизде кызматка коюлат жана Каракол шаар мэри тарабынан кызматтан бошотулат.
4.2. Аймактын башкаруучусу:
- Аймакты жетектейт, анын күндөлүк ишмердүүлүгүн уюштурат жана Жобого ылайык башкарат, Аймактын мүлк менен каржылык каражаттарын тескейт,
- Кварталдык комитеттердин ишин уюштурат жана аны көзөмөлдөйт;
- Кварталдыктарды конкурстун жыйынтыгы менен өз алдынча кызматка коёт (кварталдык ошол кварталдын туруктуу жашоочусу болуш керек).
- Аймактын ишмердүүлүгүнө тиешелүү, Жобого карама-каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет,
- Аймактын ишмердүүлүгүн камсыздаган иш кагаздарына кол коюууга укуктуу,
- Аймактык жашоочулардын кызыкчылыгы үчүн сотто (доогер же жоопкер) ишеним катсыз колдоого, ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктук жана компетентигинин чегинде башка баардык мекеме-уюмдар, жарандар же юридикалык тарап менен талаша алат,
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунун жана Жобонун алкагында Аймактын ишмердүүлүгүн коюлган милдеттерди камсыз кылуу үчүн башка баардык милдеттерди жана аракеттерди ишке ашырат.
4.3. Аймактын башкаруучусу жок учурда анын милдетин Каракол шаар мэри дайындаган адам аткарат.
4.4. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин макулдугу боюнча Каракол шаар мэринин буюртмасы менен Аймактын башкаруучусунун компетенциясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык дагы башка ыйгарым укуктар киргизилиши мүмкүн.
5.1. Аймактын негизги милдеттери: шаардыктардын күнүмдүк турмуш-тиричилигине тиешелүү маселелерди (биринчи кезекте турак-жай, коммуналдык жана санитардык тармак) чечүүнү уюштуруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу, Каракол шаарынын жашоочуларынын муниципалдык тейлөө мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
5.2. Аймактын негизги милдеттерин жүзөөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык ыйгарган укуктарынын чегинде өз аймагында төмөндөгүлөрдү уюштурат:
- шаардын өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган баардык чечимдерди калкка маалымдайт жана аткарууга киришет,
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга катышат, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамына кароого сунуштайт, аткарылышын уюштурат,
- Кыргыз Республикасынын укуктук-ченем актыларынын, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин, Каракол шаар мэриясынын чечимдерин калк тарабынан аткарылышын,
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү жана өкүлчүлүк органдары, калктын атуулдук коомдору, аксакалдар соттору менен биргеликте жашоочулардын арыз-даттануулары менен иштөөнү жүзөөгө ашырат,
- Калктын эсебин алат (социалдык жана башка), шайлоочулардын тизмегин тактап түзөт, белгиленген үлгүдөгү маалым кат (справка) жазып берет,
- Калктын ар кандай катмары менен иштөө боюнча билим берүү, саламаттык сактоо, аскер комиссариаты, ички иштер жана менчиги ар башка формаларындагы тармактар менен биргеликте байланышта болот;
- Шаардыктардын күнүмдүк жашоо тиричиликтери тиешелүү маселелерин жеткиликтүү чечүү үчүн коммуналдык тейлөөнү камсыздоочулар, уюмдар менен келишимдерди түзөт жана уюштурат,
- Көп батирлүү үйлөр менен бир кабаттуу курулуш кварталдарындагы өз менчигиндегилерге, көп батирлүү үйлөрдү башкаруу боюнча ТСЖ ыйгарым укуктарына, ички кварталдык (үй башкармалыгы) коммуникациялары менен коомдук ресурстарына иштөө шарттарын түзөт, келишимдик негизде аларды уюштуруучулук жана маалыматтык жактан колдоого алат,
- Аймакта көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көчөлөргө жарык берүү, сугаруу иштерин жүргүзөт;
- Жерди иштетүүдө ландшафтык, курулуш жумуштарында белгиленген шарттардын сакталышына, үйлөрдүн жер төлөлөрүнүн, учурмаларынын, кире бериштеринин жана жалпы абалдарына, жылуулук түйүндөрүнө, электр жабдуулуарында ар кандай кырсыктарды алдын алууда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык көзөмөл жүргүзөт,
- Турак жай фондун, коммуналдык чарба менен социалдык маданий багыттагы имараттарды алардын укуктук ар кандай статустарына карабастан мезгилдик пайдаланууну уюштурат,
- Жеке менчик жана башка (көп батирлүү жана жеке курулуш кварталдары) үй ээлерине алардын укук-милдеттери, коомдук мүлктү башкаруу, коммуникациялар менен коомдук ресурстар боюнча келишимдерди түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтык түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыз кылууда өз каражатынын чегинде келишимдик негизде штаттан тышкаркы ар кыл адистерди тартат,
- Көп кабаттуу үйлөр менен жеке курулуш кварталдарынын жашоочуларын турак-жайында өзүн-өзү башкарууга, шериктештикке, элдин өз ара биримдикке өтүүсүн уюштурат, коомдук иштерге тартуу программаларын тузуп ишке ашырат,
- Билим берүү мекемелерине окуудан сырткары учурда окуучулар арасында (мектепке чейинкилердин, окууга тартылбай калгандардын эсебин алуу, кароосуз балдар арасында профилактикалык ж.б.) иш чараларды жүргүзүүгө таасирлентүү,
- Аскерге чакырылуучулардын, аскерге милдеттүүлөрдүн жана башка тизмелерди тактоодо аскер комиссариатына көмөктөшүү;
- Аймактын аймагында коомдук тартипти сактоодо укуктук коргоо органдарына жардамдашуу,
- Социалдык коргоого муктаж калк катмарларына мамлекет, жергиликтүү өзүн өзү башкаруусу же ар кандай фонд, жекече адамдар тарабынан же өздүк каражат эсебинен бөлүнгөн даректүү жардамдар боюнча иш жүргүзөт;
- Жергиликтүү коомдоштуктардын аймагында санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздуктарын көзөмөлдөөдө мамлекеттик тийиштүү мекеме-уюмдарга көмөктөшөт,
- Шайлоолорду, референдумдарды, баардык денгээлдеги депутаттардын калк менен жолугушууларын, коомдук пикир сурамжылоолорду өткүрүүгө, уюштурууга көмөктөшөт, тизме боюнча маалыматтын толуктугуна жана тактыгына жооп берет,
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жашы жетелектердин арасында кылмыштуулуктун, кароосуз көзөмөлсүз, үй-жайсыз калууну алдын алуу боюнча белгиленген иш чараларды жүзөөгө ашырат.
5.3. Аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, Каракол шаарыныны Мэриясыныны, бул Жобонун мыйзам-ченемдик чегинде Каракол шаардык Мэриясынын карамагында катарында тапшырылган төмөндөгү аймактын ыйгарым укуктарына ээ:
- Архитектура органдары менен биргеликте курулуш нормалары менен эрежелеринин сакталышын, турак-жай имараттарынын пайдаланышын, турак үйлөрдүн жана бак-дарак жайларынын, муниципалдык жана көп батирлүү үйлөрдүн менчигиндеги жалпы коомдук мүлктүн сарамдуулугун көзөмөлдөйт,
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону уюштурат,
- Кварталдык комитеттер (КК) менен үй комитеттеринин (үК) коммуналдык кызматтар жана аймактык калкка ар кандай менчиктеги түрдүү кызмат көрсөтүүчүлөр менен тийиштүү келишимдерди түзүп, алардын ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалары боюнча маалымат алат,
- Муниципалдык менчиктеги мүлктүн натыйжалуу тескелиши боюнча сунуштарын Каракол мэриясына коёт,
- Шаардын аткаруу бийлигинин тармактык органдары менен бирдикте аймактагы балдарды, өспүрүмдөр менен жаштарды социалдык-педагогикалык тарбиялоодо, эс алдырууда клубдар менен маданий борборлордун иштерин уюштурат,
- Каракол Мэриясынын алдындагы административдик комиссиянын кароосуна маалыматтарды берет,
- Каракол шаар Мэриясынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашырат,
5.4. Аймактын алдында бул аймактын жашоочуларынан калктын жашоо тиричилигин, аймактын өнүгүшүн, көрктөндүрүү, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, турак-жай коммуналдык жана башка маселелер боюнча коомдук комиссиялар да түзүлүшү мүмкүн.
6.1. Аймактагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендиги, коомдук пайдалуу иштерге активдүү катышкандыгы үчүн, коомдук ырайымдуулук ишмердүүлүгү, демөөрчүлүк жана башка коомдук пайдалуу иштерине катышкандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын кызмат адамдарына жана башка жарандарга төмөндөгү сыйлоолор колдонулат:
- ыразычылык билдирүү, баалуу белектер, материалдык жана акчалай сыйлыктар;
- «Бекем үй-бүлөө», «үлгүлүү үй» (көчө, квартал) ардак наамдарына жолдомо, көрсөтмө;
- ыразычылык билдирүү, баалуу белектер, материалдык жана акчалай сыйлыктар, «Бекем үй-бүлөө», «үлгүлүү үй» (көчө, квартал) ардак наамдары менен сыйлоо Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу башкармачылыгынын жолдомолорунун негизинде мэриянын чечими менен ыйгарылат.
7.1. Аймактын материалдык-техникалык базасы:
- Жободо көрсөтүлгөндөй, өз функциясын аткаруу үчүн берилген же алынган мүлк;
- Жарандардын, коллективдердин, коомдук бирикмелердин ыктыярдуу салымы;
- Алынган грант жана инвестициялар;
- Аймактын каржылык булагы төмөнкүчө түзүлөт:
А) Калкка көрсөтүлгөн кызматтын эсебинен топтолгон атайын каражаттан, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» мыйзамынын 53-беренесине ылайык банкта эсеп алууга укуктуу.
Каракол шаарынын мэриясы калкка бериле турган маалым каттардын бирдиктуу тизмесин иштеп чыгып, аларга даярдоодо сарптала турган акысын аныктап, баасын Антимонополия комитети менен макулдаштырылтып, Каракол шаардык депутаттар кенешине бектүүгѳ сунуштайт.
8.1. МАКөБнын башчылары Аймактардын санына (7 МАКөБ, алардын ичинде 22 кварталдык комитет) жараша 7 кишиден жана Аймактардын ишмердүүлүгүнүн бухгалтердик, статистикалык отчетторун жүргүзүү үчүн 1 киши (МАКөБнын бухгалтери) калкка көрсөтүлгөн кызматтын эсебинен топтолгон атайын каражаттан айлык акылары менен каржыланышат.
9.1. Аймактын чарбалык ишмердүүлүгүнүн эсебин белгиленген тартипте жыйынтыктайт жана анын аныктыгына жооп берет.
9.2. Аймактын бухгалтердик эсебин жана статистикалык отчёттуулук ишмердүүлүгүн МАКөБнын бухгалтериясы жүргүзөт.
9.3. Аймактын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык компетентүү органдар көзөмөлдөйт.
9.4. Аймактын башкаруучусу эсеп-кысаптын тартибинин сакталышына, тууралыгына жеке керт башы менен жооп берет.
9.5. Каракол шаардык депутаттар Кенеши Аймактардын ишмердүүлүгү боюнча баардык, анын ичинде каржылык-чарбалык да маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
Аймактын башкаруучусу эмгектик чукул жана башка атуулдук укуктук келишимдердин негизинде өздүк каражаттын жана ыйгарым укуктун чегинде тиешелүү көлөмдөгү жумушту аткарууга жалданма жумушчуларды тартууга укуктуу.
Аймактын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иш тартибин жана эс алуусу, аларды социалдык жана башкалар менен камсыздандыруу Кыргыз Республикасыныны эмгек Кодекси тарабынан жөндөлөт.
11.1 Аймакты кайра түзүү жана жоюуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна жана Жобого ылайык тартипте жүзөөгө ашырылат. Аймактын жоюлгандан кийинки мүлкү Каракол шаар Мэриясы тарабынан Каракол шаардык депутаттар Кенешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте бөлүштүрүлөт.
11.2 Жоюлду деп ал жөнүндө юридикалык тарап Мамлекеттик реестрге каттоо жүргүзүлгөндөн сон эсептелет.
11.3 Аймактын ишмердүүлүгү мезгилиндеги иш кагаздары ал жоюлгандан кийин архивде сакталат жана алар Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланат.
Каракол шаардык депутаттар кенешинин жоопту катчысы | Э.А. Майрыков |