Загрузка документа…
Каракол шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу №25-35/3
«Каракол шаарынын муниципалдык аймактык өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Жобону бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2008 жылдын 18 сентябрындагы №25-12/2 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын даярдаган материалдарды угуп жана талкуулап, унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык системасын өзгөртүп уюштурууга болгон концептуалдык мамилелер жөнүндөгү» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамдын 27 беренесинин 10 пунктун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2011 жылдын 16 апрелиндеги № 25-34/11 токтомун ишке ашыруу, аймактарга көзөмөлдөөнү жакшыртуу, алардын жергиликтүү коомдоштуктун алдындагы отчетторун жакшыртуу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXV чакырылышынын XXXV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында муниципалдык коомдук аймактык өз алдынча башкаруу жөнүндө Жобо бекитилсин: (№1 тиркеме)
2. «Каракол шаарында муниципалдык коомдук аймактык өз алдынча башкаруу жөнүндө» Жобонун кабыл алынышына байланыштуу, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 25-12/2 токтому жокко чыгарылсын:
3. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» 20.07.2009 жылдагы № 241 мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду Ыссык-Көл областтык адилет башкармасында Мамлекеттик ченемдик-укуктук актылар рээстирине киргизүү үчүн каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтом ММКтарында жарыялансын.
5. Бул токтом катталганда жана жарыяланганда күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К. Абдылдаев ) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К. Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
А. Иманбаев |