Загрузка документа…
| Депутаттардын Болот Мамбетов айылдык Кеӊешинин 28.08.2011-жылдын №1 токтому менен бекитилген |
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК ОКРУГДУН КЕҢЕШИНИН КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарнын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жана поселкалык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айылдык округдун кенешинин жана поселкалык кеңештин компетенциясы
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депуттатардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен мэрге, райондук маанидеги шаардын жана поселканын башчысына же айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, поселкалык башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) поселкалык жана айылдык округ башчысын шайлоо;
17) тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, поселок үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салык тын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрөгасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасы:
- Кеңеш сессиясын чакырат;
- Сессияга төрагалык кылат;
- Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
Айылдык Кенештин депутаттары же депутатынын талапкерлерди корсотуу тартиби.
3.1.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу жолу менен Айыл кеӊешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо учун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык Кеӊештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштуу аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1.Айыл окмот башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим.
2.Талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы.
3.Өмур баяны.
4.Өздук баракча сүрөту менен
5.Соттолбогондугу тууралу справка.
6.Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралу диплом.
7.Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси.
8.Справка обьективка.
3.1.3. Айыл окмот башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго айылдык Кенештин депутаты, депуттаттары укуктуу.Айылдык Кенештин депутаты,депутаттар айыл окмот башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди корсото алат.
3.2.Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасынын орун басары.
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кенештин төрөгасынын орун басарына талапкерди төрөга тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрөгасынын орун басары төрөганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төрөганын милдетин аткарат.
3.5. Кенештин төрөгасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кенештин төрөгасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысынын милдетин айылдык округдун же поселкалык башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы:
- Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айыл округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл округдун кеңеши жана поселкалык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
6.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколко сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун кенешинин жана поселкалык кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдун кеңешине жана поселкалык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
7.3. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айыдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
8.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш Регламентин,, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.5. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
|
|