Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-августу №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11-август 2011-жылдагы № 01-9/47 буйругуна ылайык айылдык Кеӊештердин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11.08.2011-жылдагы №01-9/47 буйругуна ылайык Б.Мамбетов айылдык Кенешинин Регламентинин 2-бөлүгүнө 3-1 глава менен төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Глава 3-1
Айылдык Кеӊештин депутаттары же депутатынын талапкерлерди көрсөтүү тартиби.
3.1.1. Айыл Округунун башчысы айылдык Кеӊештин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу жолу менен айылдык Кеӊешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. Айыл Округ башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн айыл Округунун башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык Кеӊештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1. Айыл Округ башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим.
2. Талапкердин көрсөтүлүүгө мүмкүндүгү жөнүндөгү арыз.
3. Өмур баяны.
4. Өздүк баракча сүрөтү менен.
5. Соттолбогондугу тууралуу справка.
6. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралуу диплом.
7. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси.
8. Справка обьективка.
3.1.3. Айыл Округ башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык Кеӊештин депутаты, депутаттары укуктуу айылдык Кеӊештин депутаты, депутаттары айыл Округ башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтө алат.
Болот Мамбетов айылдык Кеӊештин төрагасы |
С.Закирияев
|