Загрузка документа…
| Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кенешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги № 22 /120 токтому менен бекитилген |
Депутаттарынын Семизбел айылдык округунун Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө
Жобо
1.Семизбел айылдык ркругунун Депутаттарынын айылдык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары жобо) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2.Айылдык Кеӊештин ченемдик укуктук актылары өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү) өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Айылдык Кеӊештин ченемдик укуктук актылары (мындан ары ченемдик укуктук актылары) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга айылдык Кеӊештин төрагасы кол коет.
3.Ченемдик укуктук актыларды (токтомдорду ) төмөнкүлөр каттайт:
1).Семизбел айыл округунун аппараты.
4.Укуктук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укук нормаларын камтыган жана граждандык, саясий, социалдык-экономикалык жана башка укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин (алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук актыларын да бекемделген ишке ашырылыш гарантияларын, укуктарды, эркиндикти жана милдеттерди) козгогон айылдык Кеӊештин ченемдик укуктук актылары катталат.
Ченемдик укуктук актыларды каттоо ага каттоо номерин ыйгаруу (каттоо № 2011-1 бул жерде 2011-жыл кабыл алынган жылы, ал эми 1 болсо ченемдик укуктук актыларды жана алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү) менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырьшат:
1).актынын түрү көрсөтүлөт;
2).ченемдик укуктук актыны кабыл алган органдардын аталышы;
3).ушул ченемдик укуктук акты жөнгө салуучу предметти билдирген аталыш;
4).кабыл алынган жер жана күн;
5).каттоо номери;
6). ченемдик укуктук актыга кол койгон жактын Ф.А.А.
6.Мамлекеттик каттоого төмөнкүлөр алынбайт;
а).төмөнкүдөй жекече укук актылары:
- жекече мүнөздөгү ( кызматка дайындоо же бошотуу, сыйлоо же жаза колдонуу жөнүндө ж.б);
-аракети бир жолку колдонуу менен чектелген;
-колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен;
-оперативдик-башкаруу мүнөзүндөгү (бир жолку тапшырмалар);
б).Жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдерин аткаруу бийлигинин системасынын органдарына жана уюмдарына маалымдалуучу актылар
в).Аткаруу бийлигинин жогору турган органдарынын чечимдерин же алардын өзүлөрүнүн чечимдерин аткаруунун уюштурууга багытталган жана жана укук нормаларын камтыбаган актылар:
г).Эгерде укук нормаларын камтыбаса, техникалык актылар (тарифтөө-квалификациялоо справочниктери, статистикалык байкоолордун түрлөрү ж.б);
д).Сунуш кылган актылар.
6.Ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7.Ченемдик укуктук актылар катталгандан кийин алардын көчүрмөлөрү айылдык округунун аппараты тарабынан эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкарамалыгына ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт. Нарын облустук юстиция башкармалыгы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине алар өздөрүнө келип түшкөн күнү жөнөтүшөт.
8.Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
9.Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте конституцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тиешелүү сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган айылдык округунун аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ушул ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Нарын облустук юстиция башкармалыгы соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы (кат жүзүндөгү) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап он күндүн ичинде айылдык округунун аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү, аны Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберет.
Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пункта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш.
Семизбел айылдык кеӊешинин төрайымы |
А.Осмоналиева |