Редакцияот 27.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗБЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27- апрели №22\120

Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жана ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо жөнүндө

 

Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү жана ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоодо «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасыныи Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кеӊеши

ТОК ТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кеӊешинин «Ченемдик укуктук aктыларын каттоо тартиби жөнүндө» жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Депутаттардын Семизбел айылдык округунун Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булагы болуп райондук «Эмгек туусу» газетасы белгиленсин.

3. Семизбел айылдык округунун айыл Өкмөтүнүн аппараты ушул токтомду ушул токтом менен бекитилген жобого ылайык каттоодон өткөрсүн.

4. Семизбел айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучусу каражат таап, ушул токтомду жана тиркемени мамлекеттик жана расмий тилде «Эмгек туусу» газетасынын бетинде жарыяланышын камсыз кылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Депутаттардын Семизбел айылдык

округунун кеӊешинин төрайымы

 

А. Осмоналиева