Редакцияот 18.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 2- сессиясы

 

2017-жылдын 18-январы № 2

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти, 2017-жылга иш планы жана ички тартип эрежелери жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин регламенти өзгөрүүсүз калсын.

2. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. Ак-Муз айылдык Кеңешинин ички тартип эрежелери бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы А. Абдырахмановго тапшырылсын. 

Төрага

А. Абдырахманов

 

 

БЕКИТЕМИН:

Ак-Муз айылдык Кеңештин

төрагасы:_____________

Абдырахманов Алмазбек

«______» _________ 2017-ж

 

 

Ак-Муз айылдык Кеңештин 2017-жылга карата иш планы:

 

 

№

 

  Каралуучу маселелер

 Кароо

 мөөнөтү

Даярдоого жооптуу

   Айылдык Кеңештин кароосуна сунуш кылынган маселелер

1

-Айылдык кеңештин 2017-жылга иш планын түзүү

-Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо

Январь

Жооптуу катчы

2

2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2017-жылга карата Айыл өкмөттүнүн бюджеттин бекитүү

Февраль

А/Ө башчысы

Гл.бухгалтер

А. Алымбаева

3

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички тартип эрежелерди бекитүү:

- Бада, корук, көчүү-конуу,

-Жазгы айдап себүү, күзгү оруп-жыюу,

-Вет кызмат,

-Муниципалдык кызматтардын жумуштарына даярдыктардын жүрүшү;

- Жалпы айылдын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жана тазалык боюнча иш чараларды жүргүзүү

Апрелдин биринчи он күндүгү

 Жер адис, мал чарба жана ветеринардык кызмат боюнча адис, жайыт комитети, муниципалдык ишкананын жетекчиси, Айыл өкмөтүнүн башчысы, мекеме жетекчилери.

4

Ак-Муз айылындагы

- ФТБ, ҮДТнун

- Почта байланыш бөлүмүнүн 2017-жылдагы элге кызмат көрсөтүүсү;

- Билим берүү тармагынын 2016-2017 окуу жылына карата иштери, отчёту жана 2017-2018- окуу жылына даярдыгы;

- Айыл аймагындагы мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы

Августун акыркы он күндүгү

А/Ө башчысы

Т. Орозбекова

Р. Алахунова

А.Төлөмүшов

И.Абдыкапарова

Ү. Сулайманова

5

- Салык, жайыт акы, таза суу төлөмдөрүнүн чогулушу

-Веткызмат, муниципалдык кызматтарынын аткарылышы;

- А/Ө отчёту, Спикердин жана комиссмия төрагаларынын отчёту

Декабрдын биринчи он күндүгү

 

Айыл өкмөт башчысы, мекеме жетекчилери, жер адиси, салык, жайыт СООППВ,

6.

Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча отчет

Ар бир кезектүү сессиянын алдында

Аткарууга жооптуулар

 

 

 

БЕКИТЕМИН:

Ак-Муз айылдык Кеңештин

төрагасы:_____________

Абдырахманов Алмазбек

«______» _________ 2017-ж

 

Ак-Муз айылдык Кеңештин VI- чакырылышынын депутаттрынын ички тартип эрежелери

1. Депутаттар зарыл жумуш болсо 3-күн мурун кагаз жүзүндө билдирүү.

2. Сессияга кечикпей келүү.

3. Депутаттар билдирүүгө кол коюп сессияга келбей калса себепсиз деп табылат.

4. Этика, маданият боюнча төмөндөгү эрежелерди сактоо:

- Кол көтөрүп сүйлөө;

- Сүйлөп жаткан депутаттын оюн сыйлоо;

- Төрага уруксат бермейинче сүйлөбөө;

- Жарышып сүйлөбөө;

- Сырткы келбетин ощдоо;

- Сессиянын убагында кирип чыкпоо;

- Сессия убагында телефонду үнсүз режимде кармоо;

- Сессиянын убагында 1 саатта бир жолу 10 минуталык эс алуу;

 

Жооптуу катчы

А. Өмүралиев