Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 31/2
Кочкор Таза –Суу муниципалдык ишканасы жөнүндө
Кочкор айылдык кенешинин 11-май 2016-жылдын №27/7-токтому менен калкты таза сууменен камсыз кылып жаткан Кочкор “Таза-Суу”муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын маалыматынкарап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор “Таза-Суу”муниципалдык ишканасы Тендик, Кочкор айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери учурдун талабына жол бербей орчундуу кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. 2016-2017-жылдарда суу пайдалануучулар тарабынан чогулган каражаттын 50 пайызын жумшоо аркылуу көчөлөрдөгү, кварталдардагы сууну токтотуучу задвижкаларды толук ремонттон өткөрүү, суунун жарылган жерлерин ондоо,жаны кошулган суу түтүктөрүн куруу үчүн атайын программа түзүп, аткаруу Кочкор “Таза- Суу”муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Болотовго тапшырылсын.
3. Суу пайдаланып суу акысын төлөбөй жүргөн жашоочуларды, ишканаларды тактап сот аркылуу кийинки беш жылдык жыйынын чогултуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго жана аткарып иштери боюнча 1-айдын ичинде толук маалымат берүү Кочкор “Таза-Суу”муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Болотовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айылдык кеңешинин калкты социалдык жактан камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом Кочкор райондук “Эмгек Туусу ”газетасына жарыялансын.
Төрага | А. Аситов |