Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры № 106
Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык тармагынын кышка карата даярдыгы жөнүндө
Зергер айылдык Кеңешинин кезектеги 26-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык тармагынын кышка карата даярдыгы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча бапшкы адиси К.Жанибековдун билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык тармагынын кышка карата даярдыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.(тиркелет)
2. Мектептердин директорлоруна жылытуу мөөнөтүнө чейин айнек рамаларын жылуулоо,,электер энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча иш чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин Социалдык маселелер жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-июлундагы КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 23-июлундагы «Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү алып чыгуу боюнча» буйруктарын аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин 2016-2017-жылдардын күз кыш мезгилине даярдыгы боюнча Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Жанибековтун
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-июлундагы КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 23-июлундагы «Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү алып чыгуу боюнча» буйруктарынын алкагында Зергер айыл өкмөтү тарабынан жетекчиликке жана өз убагында алынып, айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-август №182-буйругу менен иш-чаралардын планы жана айыл өкмөтүн калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча 11 (он бир) адистен турган атайын штабдын курамы бекитилип, берилген тапшырмалар толугу менен өз убагында аткарылууда.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы баардык социалдык обьектилерге көмүр сатып алуу максатында конкурс жарыяланып, жыйынтыгында жалпы 300 тонна көмүр сатылып алынып, келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө социалдык обьектилер төмөндөгү таблицага ылайык көмүр менен камсыздалды:
№ | Социалдык обьекти | Лимит боюнча (тн) менен | Азыркы күнгө түшкөн көмүр (тн) менен | % салыштырмалуу |
1. | Д.Шопоков орто мектеби | 30 | 20 | 67 |
2. | М.Жолдошалиев мектеби | 18 | 18 | 100 |
3. | С.Жаныбеков мектеби | 50 | 40 | 80 |
4. | А.Турабаева мектеби | 30 | 20 | 67 |
5. | Б.Келдибаев мектеби | 55 | 40 | 73 |
6. | Б.Тешебаев мектеби | 18 | 18 | 100 |
7. | С.Кадыров мектеби | 60 | 60 | 100 |
8. | Сакура бала-бакчасы | 6 |
|
|
9. | А-өкмөтүнүн имараты | 20 | 20 | 100 |
10. | китепкана | 5 |
|
|
11. | Маданият үйү | 8 |
|
|
Жыйынтыгы | 300 | 236 | 78,6 | |
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин от казандарынын даярдыгы боюнча түзүлгөн штаб тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган кемчилдиктерди тез арада жоюуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Мындан сырткары социалдык обьектилерге курук отун керектүү өлчөмдө токой фондусунан отун бөлүнгөн.
Ошондой эле айнек терезелерин жылуулатуу максатында (пленка, мык, рейка ж.б.) сатып алуу максатында акча каражаты которулуп берилди. Жылытуу сезонуна (отопительный сезон) өтөрүү менен керектүү буюмдар алынып келинип, айнек терезелер жылууланат.Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилери 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даяр.