Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры № 107
Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын берүү жөнүндө
Зергер айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2016-жылдын 31-мартындагы Эшиев Абдыракман Молдалиевичке,Саматов Жыргалбек Алимбаевичке,Айтбаев Маматка Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап,талкуулап чыгып, «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны» жөнүндөгү жобонун негизинде Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Эшиев Абдыракман Молдалиевичке,Саматов Жыргалбек Алимбаевичке,Айтбаев Маматка Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамы берилсин.(протокол тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айыл аймагынын жамааттарынын жыйынынын
Кайрат айылы 31-март 2016-жыл |
Жыйындын төрагасы: М.Сайитов
Жыйындын катчысы:-Н.Каратаев
Катышуучулар:- Зергер айылдык кеңешинин депутаттары,айыл тургундары,мекеме уюмдун кызматкерлери,пенсионерлер болуп жалпы жети айылдан 87(сексен жети) адам катышты.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1. Зергер аймагынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө.
Угулду:Күн тартибиндеи маселе менен айыл өкмөт башчысы Н.Мурзаибраимов чыгып сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду.Айыл тургундарынан,жамааттардан Зергер айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүп өсүшүнө жана айылдардын инфраструктурасынын жакшыртууга кошкон салымдары үчүн төмөнкү биздин жердештерибиз КР ЖК депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичке ,Ош областык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Эшиев Абдырахман Молдалиевичке,Зергер айылдык кенешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, мурунку айыл өкмөт башчысы Айтбаев Маматка «Зергер айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу сунушу түшкөн.
КР ЖК депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевич ,Ош областык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Эшиев Абдырахман Молдалиевич,Зергер айылдык кенешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты мурунку айыл өкмөт башчысы Айтбаев Мамат өздөрүнүн ак эмгектери менен Зергер аймагынын элине бир топ эмгеги синген.М.Сайитов талапкерледин кыскача омүр таржымалына токтолуп,аткарган иш аракеттерин айтып өттү.
Урматтуу жыйындын катышуучулары кун тартибиндеги маселе боюнча кимде кандай сунуштар бар?
Козубаев Жумагазы-Ничке-Сай айылынын тургуну-Мен үч талапкер тен ардактуу жаран наамына татыктуудеп эсептейм.
Каратаев Нурлан-Кутурган айылынын айыл башчысы-Мен дагы айыл тургундарынын сунушун колдойм үч атуул тен ардактуу жана наамына татыктуу.
Сайитов М.-Урматтту жыйындын катышуучулары,баардыкэле талапкерлер татыктуу ощондуктан тизме боюнча эле добушка коелу деген сунуш түшүп жатат башка сунуш жокпу?Жок,Анда колго саламын кимде ким КР ЖК депутаты Саматов Жыргалбекке ,Ош областык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Эшиев Абдырахман Молдалиевичке,Зергер айылдык кенешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, мурунку айыл өкмөт башчысы Айтбаев Маматка
Зергер айыл аймагынын ардактуу ж араны наамын ыйгарууга макул атуулдардын добуш берүүсүн суранам.
Макул 87,каршы калыс жок.Бир добуштан.
Зергер айыл өкмөтүнүн жамаатттарынын жалпы жыйыны күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР. ЖК депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичк ,Ош областык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Эшиев Абдырахман Молдалиевичке,Зергер айылдык кенешинин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, мурунку айыл өкмөт башчысы Айтбаев Маматка Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Зергер айылдык кенешинен ушул протоколду бекитип берүү жагы.