Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-сентябры № 108
Зергер айыл аймагындагы коомдук бирикмесинин чек арасын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 26-сессиясы Зергер айыл аймагындагы коомдук бирикмесинин чек арасын бекитүү 2016-жылдын 16-сентябрындагы жалпы элдик жыйындын сунушун карап чыгып, «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Зергер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл аймагындагы коомдук өз алдынча башкаруусу коомдук бирикмелеринин чек аралары төмөнкүдөй тартипте бекитилсин: (протокол тиркелет)
«Аюу айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Дыйкан көчөсү бекитилсин;
«Жаңы-Айыл айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Жолдошалиев Жамгырчы, Токтогулов Маматкул, көчөлөрү бекитилсин;
«Зергер айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Айтиев Кулмурза, Азимбаев Кожо, Азимбаев Кочкорбай, Сулайманов Мамыт, көчөлөрү бекитилсин;
«Кутурган айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Тосой, Найман, Жуманалиев Беки, 1-Май, Ай-Тийбес, көчөлөрү бекитилсин;
«Ничке-Сай айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Ак-Терек көчөсү бекитилсин;
«Токтогул айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Субанов Атабек, Козбалаев Кайы, көчөсү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айыл аймагынын жамааттарынын элдик жыйынынын
Кайрат айылы
16-сентябрь 2016-жыл
Жыйындын төрагасы: Н.Мурзаибраимов
Жыйындын катчысы:-А.Адилбеков
Катышуучулар:- Зергер айылдык кенешинин депутаттары,айыл тургундары,мекеме уюмдун кызматкерлери,пенсионерлер болуп жалпы жети айылдан 71(жетимиш бир) адам катышты.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
Зергер айыл аймагындагы коомдук бирикмесинин чек арасын бекитүү жөнүндө
Угулду:Күн тартибиндеи маселе менен айыл өкмөт башчысы Н.Мурзаибраимов чыгып сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду.Айыл тургундарынан,жамааттардан Зергер айыл аймагынын социалдык- экономикалык өнүп өсүшүнө жана айылдардын инфраструктурасынын жакшыртууга эллин суроо талаптарын жеринде чечүүгө айылдык жамааттардын ролу чон.Ошол багытта элден сунуш талаптар түшкөн Зергер айыл аймагындагы ар бир айылда коомдук өз алдынча башкаруусу коомдук бирикмелерин түзү онүндө,ошого чек араларын бекитип алууга кандай сунушунуздар бар.
Сайтов М.- Урматтуу жыйындын катышуучулары кун тартибиндеги маселе боюнча же мурунку эле эски чек аралардагы кочолордүн чегинде калуусун сунуш кылам.
Каратаев Нурлан-Кутурган айылынын айыл башчысы-Мен дагы айыл тургундарынын сунушун колдойм.
Зергер айыл өкмөтүнүн жамаатттарынын жалпы жыйыны күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл аймагындагы коомдук өз алдынча башкаруусу коомдук бирикмелеринин чек аралары төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:
«Аюу айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Дыйкан көчөсү бекитилсин;
«Жаңы-Айыл айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Жолдошалиев Жамгырчы, Токтогулов Маматкул, көчөлөрү бекитилсин;
«Зергер айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Айтиев Кулмурза, Азимбаев Кожо, Азимбаев Кочкорбай, Сулайманов Мамыт, көчөлөрү бекитилсин;
«Кутурган айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Тосой, Найман, Жуманалиев Беки, 1-Май, Ай-Тийбес, көчөлөрү бекитилсин;
«Ничке-Сай айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Ак-Терек көчөсү бекитилсин;
«Токтогул айылдык коомдук өз алдынча башкаруусу» коомдук бирикмесинин чек арасына Субанов Атабек, Козбалаев Кайы, көчөсү бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы айылдык кенештен суралсын.