Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 112
Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылындагы Топ-Коргон участкасындагы жеке менчик жер участогуна түзүлгөн схеманы бекитип берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 27-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Өзгөн райондук кеңешинин кезектеги 2012-жылдын 5-июнундагы №176-токтомунун негизинде Аюу айылынын Топ-Коргон участкасындагы Сулайманов Сапар, Камчиев Артыкбай, Жаббаров Кахар жана Абдувалиева Ибадатхандын жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схеманы бекитип берүү боюнча Зергер айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Өзгөн райондук кеңешинин кезектеги 2012-жылдын 5-июнундагы №176-токтомунун негизинде Аюу айылынын Топ-Коргон участкасындагы Сулайманов Сапар, Камчиев Артыкбай, Жаббаров Кахар жана Абдувалиева Ибадатхандын жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасы бекитилсин.(тиркелет)
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан (А.Абдыкеримов) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Зергер айылдык кеңешинин айыл-суу чарба, өнөржай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айылдык кеңешине Зергер айыл өкмөтүнүн жер адиси Каракозуев Мамыржандан
Зергер айыл окмөтүнүн Аюу айылылын Топ коргон участкасынын тургундары Сулайманов Сапар, Камчиев Артикбай, Жаббаров Кахар,жана Абдувалиева Ибадаткан бул атуулдар жашаган турак жайлар 1997-98 жылдары курулган Аюу айылында ген план жок болгондуктан карта схемасын бекитип берүүңүздөрдү суранабыз.