Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын 1- сессиясы
2017-жылдын 20-январы № 4
“Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 18-январындагы № 01 сандуу катын угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
2. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин Жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.
3. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4. Эсеналиев Пазылбек Абдыкеримович - Дөң-Булак айылдык кеңештин төрагасы, Тагаев Абдумомун Урулбаевичтин ордуна Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына анын мүчөсү болуп киргизилсин;
5. Аширбаев Исманали Каимович – Дөң-Булак айылдык аймагынын башчысынын орун басары, Уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында калтырылсын.
6. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги”муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин кабыл алган чечимине макулдук берилсин, анын ичинен:
7. Муниципалдык биргелешкен ишкананын ишмердүүлүгүндөгү «Өткөөл мезгил» 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин. (№1 тиркеме)
8. Протокол жактырылсын.
9. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясы ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
10. Депутаттык убактылуу комиссиянын иш-чараларынын мерчеми бекитилсин (№2 тиркеме).
11. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жусупов Өмүрбекке милдеттендирилсин.
Төрага | П. Эсеналиев |
| Дөң -Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы №4 токтомунун №1 тиркемеси |
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилиндеги
“Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча
Дөң-Булак айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
КУРАМЫ
1. Жусупов Өмүрбек Илиязович – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары,Комиссиянын төрагасы;
2. Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Саипов Шарабидин – айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
4. Мамадалиев Камилжан Ибрагимович – айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
5. Максутов Алымжан Жалилович – айылдык кеңештин Укуктук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
6. Парпиев Мыктыбек Төрөканович – айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы.
| Дөң -Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы №4 токтомунун №2 тиркемеси |
Дөн-Булак айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки иш-чараларынын мерчеми
№
| Иш-чаралардын аталышы | Иш-чаралардын Мөөнөтү | Иш-чаралардын катышуучулары |
1 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичүүчө суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерин техникалык толук каттоодон (инвентаризациядан) өткөрүү
| 2017-жылдын 1-февралына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
2 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу камсыздоо тутумдарынын обьектилерине техникалык иш-кагаздардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
3 | Айыл аймактын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерине муниципалдык менчик укугун аныктоо жана аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен алардын укуктарын күбөлөндүрүүчү иш-кагаздарын алуу
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
4 | Айыл аймактын ичүүчү суунун пайдалануучуларынын тизмесин чарбалык китептерден тактоо. Чарбалык китептерден такталган ичүүчү суу пайдалануучуларынын тизмесин 2017-жылдын 1-январына карата айыл аймактын айылдарында анык жашаган жашоочуулардын саны менен салыштыруу | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
5 | «Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын айыл аймактагы жергиликтүү оңдоо-тейлөө участогун жайгаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айылдык кеңеш Айыл өкмөтү Агенттик |
6 | Айыл аймактын жергиликтүү жааматынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча коомдук угууларды өткөрүү
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү Агенттик |
7 | Айыл аймактын муниципалдык менчиктеги ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерин «Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүү
| 2017-жылдын 1-апрелине чейин | Комиссия Айылдык кеңеш Айыл өкмөтү Агенттик |
Жооптуу катчы | К. Ибраимова |