Редакцияот 27.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 12-майы № 4

Сессияны Куйручук айылдык Кеңешинин төрагасы Чокоев Кылычбек алып барды.

XXVII чакырылган эл депутаттардын Куйручук айыл аймагынын Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы ачылсын деген сунуш киргиземин. Добуш берип койсоңуздар.

Макул – 11

каршы – жок

Калыс – жок.

Анда бүгүнкү сессияны ачык деп жарыялайм.

Күн тартибиндеги каралуучу маселе:

Кыргыз республикасынын Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамына ылайык Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.

Күн тартибиндеги маселе бекитилсин деген депутаттардын добуш берип коюусун өтүнөм.

Макул – 11

каршы – жок.

калыс – жок.

Күн тартибиндеги маселе бир добуштан бекитилди.

Шайлоо откөрүу боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен таанышып койсоңуздар.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – Н.Термечиков

комиссиянын катчысы - Ж.Токонова

Комиссиянын мүчөлөрү:

Ш.Сагынбаев

Ж.Токтоназарова

Н.Осмоналиева

И. Маадымканова

А.Абакирова

Ж.Аманалиев

Эсептөө комиссиясы өз ишин баштап, 11 (он бир ) бюллетень депутаттарга көргөзүлүп, тааныштырылып 11 (он бир) бюллетень жарактуу деп эсептелинди.

Депутаттардын макулдугу менен алвабит боюнча добуш берүу башталды.

Добуш берүү бүттү.

Урна ачылды

11 (он бир ) бюллетень саналып жарактуу болуп чыкты.

Эсептөө комиссиясы бирден тааныштырып Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкер Абылабеков Бердибек -4 (төрт) макул, Асанов Талантбек Турганбекович 7 (жети) макул добушу берилди.

Куйручук айыл өкмөт башчысы кызмат оордуна шайлоо мыйзам чегинде өткөрүлдү.

Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп Куйручук айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына депутттардын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Асанов Талантбек Турганбекович шайланды деп эсептелинсин.

2. Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

Төрага

К. Чокоев

 

Нарын облусу, Жумгал районунун Куйручук жергиликт алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш бернн жыйынтыктары жөнүндө

ПРОТОКОЛ

Айыл өкмөт имараты 12- май 2016- жыл

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайланууга көрсөтүлгөн талапкерлер:

Абылабеков Бердибек

Асанов Талантбек Турганбекович.

Шайлоо боюнча шайлоо бюллетеньдерин саноонун натыйжасында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы белгиледи:

Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны- 11

Куйручук айылдык Кеңешинин депутатттарына берилген шайлоо бюллетеньдеринин саны – 11

Жокко чыгарылган бюллетеньдеринин саны – 0

Добуш берүү үкөгүндө турган бюллетеньдеринин саны – 11

Жарактуу шайлоо бюллетеньдеринин саны – 11

Жараксыз бюллетеньдеринин саны - 0

 

7

Талапкерлердин фамилиясы, аты- жөнү

8 Айыл өкмөт башчысына кызматына ар бир талапкерге “макул ” деп берген айылдык Кеңештин депутаттарынын добуштарынын саны

 Цифра менен

Жазуу менен

1

Абылабеков Бердибек

4

Төрт

2

Асанов Талантбек Турганбекович

7

Жети

 

Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин “ Бардыгына каршы” деп добуш берген айылдык Кеңештин депутаттарынын добуштарынын саны – 0

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жөнөтүлөт (1- нускамасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр тийиштүү айылдык Кеңешке жана райондун акимине жөнөтүлөт жана добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилет.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – Н.Термечиков

комиссиянын катчысы - Ж.Токонова

Комиссиянын мүчөлөрү:

Ш.Сагынбаев

Ж.Токтоназарова

Н.Осмоналиева

И. Маадымканова

А.Абакирова

Ж.Аманалиев