Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 2/7
Кум-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан акы алып кызмат көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңеши 10.02.2016-жылдагы № 21/9 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы жарандарга берилүүчү маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинен чыккан 10.02.2016-жылдагы № 21/9- токтому жокко чыгарылсын.
2. Айыл өкмөтүнө үй-бүлө жана жашагандыгы тууралуу маалымат, менчик малына маалымат жана ар кандай токтом, көчүрмөлөр бекер берүү жагы салык инспекторлору Ж.Дүйшөкулова, К.Курманалиева, А.Касмалиева, К.Абдыраимоваларга жана иш кагаздар боюнча адис А.Тынайбековага милдеттендирилсин.
3. Күнүмдүк берилүүчү маалымат справкаларга кетүүчү канцелярдык товарлар менен камсыз кылып берүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн айыл тургундарга берилүүчү справка, токтом ж.б. көчүрмөлөргө акча талап кыла турган болсо мыйзам чегинде жооп берери эскертилсин.
Төрага | А. Өмүров |