Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 36
«Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын 2017-жылдын 18-январындагы №1 сандуу катындагы кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин(тиркелет).
2. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин Жобосун бекитүүгө макулдук берилсин(тиркелет).
3. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамы төмөнкүдөй өзгөртүүсүз калтырылсын:
1. Джусупов Талайбек Сайпиевич–Мырза-Аке айылдык кеңештин төрагасы, Уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында калтырылсын;
2. Бусуев Маматибраим Темирбаевич– Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында калтырылсын.
4. «Өзгөн районунун иүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин 2016-жылдын 3-декабрындагы отурумунда №1 Протоколу менен кабыл алынган чечимине макулдук берилсин, анын ичинен:
1. Муниципалдык биргелешкен ишкананын ишмердүүлүгүндөгү «Өткөл мезгил» 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.
2. Протоколдун № 2, 3 жана 4 сандуу тиркемелери жактырылсын(тиркелет).
5. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү үчүн Мырза-Аке айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясы ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
6. Депутаттык убактылуу комиссиянын иш-чараларынын мерчеми бекитилсин (№2 тиркеме).
7. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |
| Мырза-Аке айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын 2017-жылдын 25-январындагы №36 токтомунун №1 тиркемеси |
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча Мырза-Аке айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
КУРАМЫ
1. Келдибеков Алтынбек– айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы
Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү:
2. Маматов А– айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
3. Бообеков А.– айылдык кеңештин курулуш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
4. Айтбаева Ж. – айылдык кеңештин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы;
5. Маматалиева М – айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы.
| Мырза-Аке айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын 2017-жылдын 25-январындагы №36 токтомунун №2 тиркемеси |
Мырза-Аке айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын 2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки иш-чараларынын мерчеми
№ | Иш-чаралардын аталышы | Иш-чаралардын мөөнөтү | Иш-чаралардын катышуучулары |
1 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилеринтехникалык толук каттоодон (инвентаризациядан) өткөрүү
| 2017-жылдын 1-февралына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
2 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу камсыздоо тутумдарынын обьектилеринетехникалык иш-кагаздардын долбоорлоруништеп чыгуу | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
3 | Айыл аймактын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерине муниципалдык менчик укугун аныктоо жанааларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен алардын укуктарын күбөлөндүрүчү иш-кагаздарын алуу
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
4 | Айыл аймактын ичүүчү суунун пайдалануучуларынын тизмесин чарбалык китептерден тактоо. Чарбалык китептерден такталган ичүүчү суу пайдалануучуларынын тизмесин 2017-жылдын 1-январына карата айыл аймактын айылдарында анык жашаган жашоочуулардын саны менен салыштыруу
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү СООППВ Агенттик |
5 | «Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын айыл аймактагы жергиликтүү оөдоо-тейлөө участогун жайгаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айылдык кеөеш Айыл өкмөтү Агенттик |
6 |
Айыл аймактын жергиликтүү жааматынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча коомдукугууларды өткөрүү
| 2017-жылдын 1-мартына чейин | Комиссия Айыл өкмөтү Агенттик |
7 | Айыл аймактын муниципалдык менчиктеги ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерин «Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүү
| 2017-жылдын 1-апрелине чейин | Комиссия Айылдык кеөеш Айыл өкмөтү Агенттик |