Редакцияот 14.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин 6-чакырылышындагы кезектеги II сессиясы

 

2017-жылдын 14-январы № 5/2

Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөң иш планын бекитүү жөнүндө

 Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазы айылдык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Акматов

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 14-январындагы №5/2 токтомуна тиркеме

 

Жазы айылдык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу мөөнөту

Аткарууга жооптулар

1

Жазы айыл өкмөтүнун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө, Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету

1-квартал

Айыл өкмөттүн апараты, туруктуу комиссиялар

2

Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу проектиси жөнүндө

 

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы

3

Жазы айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча айыл өкмөттүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө

2-квартал

Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук-тартибин чындоо боюнча туруктуу комиссиясы

4

Жазы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө

 

Айыл чарба, энергетика, курулуш, соода, транспорт боюнча туруктуу комиссиясы

5

Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында аткарылган иштери жөнүндө отчету

3 квартал

Туруктуу комиссиялар

6

“Мөлтүр Булак” СПСнын 2017-жылдын 9 айында калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарган иштери жөнүндө

 

Туруктуу комиссиялар

7

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрь “Кыргыз Республикасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реаблитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндөгү №560 токтомун” ишке ашырууда Жазы айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

4 квартал

Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

8

Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө

 

Айылдык Кенештин жоопту катчысы

 

Жооптуу катчы

Х. Тайтокурова