Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 2
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселе каралып, айтылган пикерлерди эске алуу менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин-иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. (План тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин-иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
| № 2 токтомуна тиркеме |
Ноокат шаар мэриясынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
№
| Долбоорлордун аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары жана көлөмү (сом) | Жалпы сметалык баасы | Жаңы жумуш орду | Аткарууга жооптуулар |
1 | Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу | 2017-ж | Түрткү берүүчү грант |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
2 | А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу тутумун оңдоо | 2017-ж | Жергиликтүү бюджет |
|
| “Ноокат жылуулук” ишканасы |
3 | А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин спорт залын бүткөрүү | 2017-ж | Республикалык бюджет. |
|
|
|
4 | Шаардын көчөлөрүнө көчөттөрдү отургузуу жана гүлдөрдү эгүү | 2017-ж | Жергиликтүү бюджет |
|
| “Ноокат Коммунальщик” ишканасы |
5 | Х.Абдумаликов атындагы көчөсүн асфальттоо | 2017-ж | Жергиликтүү бюджет. |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
6 | С.Алимбаев жана М.Эргешов атындагы көчөлөрүнө латокторду жаткыруу жана тротуарларын ондоо | 2017-ж |
|
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
7 | А.Лутфулааев көчөсүн тротуарын ачуу жана түнкү жарыктандырууларды орнотуу | 2017-ж | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
8 | Көп кабатуу үйлөрдүн арасына балдар ойноочу аянттарды куруу
| 2017-ж | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
9 | Боробордук айлампанын түндүк чыгыш бөлүгүнүн тротуарларын жана латокторун ондоп түзөө | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
10 | Улуу Ата Мекендик согуштуна курман болгондорго коюлган эстеликти реконструкциялоо | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| “Ноокат Коммуналщик” ишканасы |
11 | Жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол чекелерине тосмолорду орнотуу | 2017-жыл | Жергиликтүү Бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
12 | “Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасын түзүү жана ишканага атайын техникаларды алуу | 2017-жыл | Жериликтүү бюджет |
|
| “Ноокат Коммуналщик” ишканасы |
13 | Мэриянын имаратынын монсардын бүткөрүү | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет жана инвестиция тартуу менен |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
14 | Муниципалдык менчик департаментин кызматтык унаа менен камсыздоо | 2017-жылы | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти |
15 | А.Алланазаров көчөсүнө 1 даана трансформатор орнотуу | 2017-жыл | Жергшиликтүү бюджет |
|
|
|
16 | Шаардын аймагында канализация куруу боюнча долбоорду даярдоого изилдөө, анализдөө иштерин жүргүзүү | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| “Ноокат сууканалдары” ишканасы |
17 | С.Алимбаев көчөсөндөгү №40-22, Ленин көчөсүндүгө №1,2,3 көп кабатуу үйлөрдүн жылуулук тутумдарын “Ноокат жылуулук” ишканасынын жылуулук тутумуна кошуу | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| “Ноокат жылуулук” ишканасы |
18 | “Ноокат Тазалык ” муниципалдык ишканасын түзүү | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
19 | Шаардын аймагын көрктөндүрүү боюнча атайын муниципалдык ишкана ачуу боюнча иш кагаздарын даярдоо | 2017-2018-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
20 | Шаардын кире беришине жана чыгуу жактарына арка жасоо | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
21 | Шаардын генпланын иштеп чыгуу | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
22 | Шаардын аймагында таза суу менен камсыздоо иштерин жүргүзүү | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет жана жамааттардын салымы |
|
| Ноокат шаар мэриясы жана жамааттар |
23 | Ыйман, адеп, жана маданият жылына карата эстеликтерди куруу жана маданий жерлерди ондоп түзөө | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
24 | Хамза, С.Рахимов, Ешлик-3, Х.Алимжан, Зулфия көчөлөрүн асфальттоо | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
25 | Барын кварталындагы көп кабатуу үйдүн бир подьездинеги 8 бөлмөлүү үйгө балдар бакчасын уюштуруу | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |
26 | А.Алланазаров атындагы көчөсүнүн калган 270 метрин, Кара-Турпак, Жуков, Чехов Комаров, Т.Умиров көчөлөрүн асфальтоо | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет |
|
| Ноокат шаар мэриясы |