Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 6
Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча 2016-жылга биргелешкен иш пландын аткарылышы боюнча "Реформалар жана жыйынтык үчүн" Жарандык Союздун долбоорунун координатору Гулсана Абытовнанын билдирүсүү жөнүндө
Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча 2016-жылга биргелешкен иш пландын аткарылышы боюнча "Реформалар жана жыйынтык үчүн" Жарандык Союздун долбоорунун координатору Гулсана Абытовнанын билдирүсүүн угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча 2016-жылга биргелешкен иш пландын аткарылышы боюнча "Реформалар жана жыйынтык үчүн" Жарандык Союздун долбоорунун координатору Гулсана Абытовнанын билдирүсүү эске алынсын.Билдирүү тиркелет.
2.Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен иш 2017-жылда улантылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча 2016-жылга биргелешкен иш пландын аткарылышы боюнча «Реформалар жана жыйынтык үчүн» Жарандык Союздун долбоорунун координатору Гулсана Абытовнанын
Биргелешкен пландар таянуучу мыйзамдар:
´ «Укук бузууларды алдын алуу боюнча» КР мыйзамы
´ «ИИО ишмердүүлүгүн комплексттик баалоо негиздери жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтому
´ «ИИО жарандык коомдун институттары менен кызматташтыгы жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтому
Биргелешкен план:
´ Милиция, ЖББ, КААБ жана активдүү тургундардын ортосунда кызматташтыкты орнотууга;
´ Көпчүлүк элди тынчсыздандырган көйгөйлөрдү чечүүгө;
´ Канчалык сапаттуу аткарылганын жана кандай кемчиликтер болгонун баалоого;
´ Көйгөйлөрдү чечүү үчүн акча жана башка каражаттар канчалык эффективдүү сарпталганына жардам берет
№ 1 Көйгөй: Милиция менен калктын ортосундагы социалдык оноктоштуктун жана ишенимдин төмөндүгү
Жыйынтык: Милиция менен калктын ортосунда социалдык өнөктүштүк түзүүгө шарт түзүлдү
Негизги аткарылган иш-чаралар:
Ар бир аймактык тескөөчүнүн өзү тейлеген участкасында отчет берүүсү, өнөктөштүк жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Комплекстүү маалымат компаниясы аркылуу милициянын оң образы жаратылды (социалдык роликтер аркылуу)
´ Аймактык тескөөчүнүн жумушу жөнүндө буклет түзүлдү жана таратылды
´ Аймактык тескөөчулүрдөн сүрөту, байланыш маалыматы бар плакаттарды чыгарып, коомдук жерлерге илинди
´ «Ноокат таны» райондук гезитинде милициянын иши жана калк менен өз ара байланышы жөнүндө макала жана репортаждар чыгарылды
´ Милиция жана жаштар ортосунда биргелешкен спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү
´ Аймактык тескөөчүнүн кызматына аял кишини дайындоо болбоду, себеби аял кишилер өз макулдугун бербеди.
´ Аймактык тескөөчүлөрдүн чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашуусун уюштуруу жөнүндө ИИМге жана донорлого кайрылуу – бул иш-чара кийинки планга жылдырылды
№2 Көйгөй: Мыйзамсыз соода-сатык кылуу
´ №2 Жыйынтык: Мыйзамсыз соода точкаларынын саны төмөндөйт, борбордук базарды шаардын четине курууга макулдук алынууга шарт түзүлдү
Негизги иш-чаралар:
´ Мыйзамсыз соода кылган соодагерлер арасында административдик жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Биргелешкен рейддер өткөрүлдү.
´ Ноокат шаарынын борбордук базарын шаардын сыртына чыгаруу боюнча аракеттер башталды
´ Бул маселе боюнча КР Өкмөтүнө жана тиешелуу ведомстволорго кайрылуу болду
№3 Көйгөй: Ноокат шаарында диний радикализмдин таралышын алдын алуу
Жыйынтык: Диний радикализм боюнча калктын жана жаштар арасында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлөт. Сирияга чыккан жарандардын саны кыскарат
´ Жума намаздарда калкка жана жаштарга ИГИЛге тартылууга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүлдү.
´ үй медреселерине лицензиясы жана КМДБнын макулдугу, тиешелуу окуу программасы боюнча мониторинг жасалды.
´ Ноокат шаарына сырттан келген дааватчыларды көзөмөлдөөгө алынды.
´ Соц.педагогдорго, мугалимдерге жана ата-энелерге диний радикализм боюнча класстык саат жана ата-энелер чогулуштарын өткөрүү боюнча семинар уюштуруу – бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды.
´ Соц.педагогторго жана мугалимдерге жаштар менен диний радикализмдин алдын алуу боюнча иштөө үчүн методикалык колдонмо чыгаруу жана таратуу- бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
Негизги иш-чаралар
´ Мектептин чоң класстарынын окуучуларынын арасында диний радикализмге жана ИГИЛге тартылуусун алдын алуу боюнча класстык сааттар өткөрүлдү.
´ Жаштардын арасында ИГИЛге тартылуусун алдын алуу боюнча плакаттар иштеп чыгылды жана илинди.
´ Мектептен сырткары бош убакытта жаштарды спорттук уюмдарга катышуусу уюштурулду.
´ Ноокат шаарындагы борбордук базарда, көчөлөрдө, айланма жолдо видеобайкоо уюштуруу - бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
№4 Көйгөй: Уй-булолук зордук-зомбулук
´ Жыйынтык: үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүлдү.
Негизги иш-чаралар:
´ үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүү, жубайлар жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.
´ «Аялдарды зордук-зомбулуктан коргоодогу милициянын ролу» аттуу буклет иштеп чыгылды жана калктын арасында таркатылды.
´ Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга юридикалык жана психологиялык жардам коргозулду.
´ Аймактык тескоочулорго, КААБтын мучолоруно медиация боюнча тренинг өткөрүлдү.
´ Аялдардын экономикалык укуктары жана финансылык сабаттулук боюнча аялдардын арасында тренинг өткөрүү - бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
№5 Көйгөй: Ноокат шаарында өспүрүмдөр жана аялдар арасында суициддин көбөйүшү
Жыйынтык: Аялдар жана жаштар арасында суициддин алдын алуу боюнча иштери тынымсыз жүргүзүлөт.
´ Мектептерде 8-11 класстарга суициддин алдын алуу боюнча класстык сааттар өткөрүлдү.
´ Мектептерде «Ишеним почтасын» ачуу, ИДН жана соц.педагог тарабынан түшкөн каттарды анализдөө болду жана улануууда.
´ Жаштар арасында суициддин алдын алуу боюнча ролик тартуу учун конкурс өткөрүү жана улуттук жана жергиликтуу ТВ эфиринде, мектептерде, соц.тармактарда көрсөтүү - бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
´ Соц.педагогторго, соц.адистерге жана мугалимдерге көйгөйлүү өспүрүмдөр менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү.
´ Мугалимдерге «Окуучулардын психодиагностикасын өткөрүү жана алар менен иштөө» боюнча методикалык колдонмо иштеп чыгуу жана таратуу. Бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
№6 Көйгөй: Ноокат шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жана жолдордогу балдардын коопуздугу
Жыйынтык: Балдардын жолдо болгон коопсуздугу боюнча иш жүргүзүлөт.
Негизги иш-чаралар:
´ Кенже жана орто класстардын арасында ЖКЭри боюнча интерактивдик сабактарды, талкууларды жана конкурстарды өткөрүлдү.
´ Ноокат шаарынын көчөлөрүнө тиешелүү белгилер орнотулду.
´ Көп кабаттуу үйлөрдүн жанында тротуарлар ондолду..
´ Паркта балдар ойноо аянтчалары курулду.
´ Ноокат шаарынын коомдук жерлеринде жол кыймыл эрежелерин сактоо боюнча баннерлерди илуу.
´ бул маселе акча каражатынын жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
№7 Көйгөй: Ноокат шаарында шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жоктугу
Жыйынтык: Шаардык милиция бөлүмчөсүн ачуу.
´ Ноокат шаарынын стратегиялык өнүктүрүү планына ГОМду ачуу маселесин киргизилди.
´ КР Өкмөтүнө жана ИИМге шаардык милиция бөлүмчөсүн ачуу боюнча кайрылуу жасалды.
´ Мэрияга караштуу имараттын 3 –этажын капиталдык ремонттон өткөрүү – 2017-жылдын апрель –май айларында жасалат.
´ ГОМду материалдык жана техникалык базасын камсыздоо июнь- июль 2017-ж.
´ ГОМ үчүн керектүү санда кызмат штатын болуп беру боюнча ИИМге кайрылуу жасалды жана макулдашылды.
´ ГОМду патрулдук унаа менен камсыз кылуу -бул маселе акча каражаты жоктугунан кийинки жылга жылдырылды
жергиликтүү бюджеттен – 650 миң сом,
донорлордон – 1 млн. сом болунду
«Реформалар жана жыйынтык үчүн» Жарандык Союзунун Ноокат шаары боюнча координатору Гулсана Абытова