Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2-сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/1
Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунуштарын эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламенти депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
| “БЕКИТИЛДИ” Депутаттардын Өзгөн шаардык кеңешинин № 2/1 токтому, 9-февраль 2017-жыл |
Өзгөн шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор
1-бап. Шаардык кеңеш
2-бап. Шаардык кеңештин компетенциясы
II БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
3-бап. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
4-бап. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
5-бап. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялары
III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар
6-бап. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-бап. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8-бап. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-бап. Шаардык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы
10-бап. Шаардык кеңештин ишин пландоо
11-бап. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
12-бап. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
13-бап. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жана эл менен өз ара мамилелери
14-бап. Шаардын мэрин шайлоо тартиби
15-бап. Депутаттык мандат
16-бап. Депутаттын ыйгарым укуктары
17-бап. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
18-бап. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
19-бап. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
20-бап. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
V БӨЛ/М. Шаардык кеңештин регламенти
21-бап. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор
1-бап. Шаардык кеңеш
1.1. Өзгөн шаардык кеңеши – мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардык жамаат тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы. Пропорционалдык системасы боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 31 депутаттан турат.
1.2. Шаардык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, өзүнүн атынан сатып ала алат жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамына кирген анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына контролду жүргүзөт.
1.3. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеңештин чечимдери шаардын аймагында жайгашкан бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
1.4. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү - сессия болуп саналат.
1.5. Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт. Ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук. коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, обөективдүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
2-бап. Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.3. Шаардык кеңештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө;
4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
II БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
3-бап. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
3.1. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
3.2. Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкер депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш ала албаса, жаңы көрсөтүү жүргүзүлөт.
-шаардык кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
- шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасы:
-шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
-шаардык кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелердин даярдыгын контролдойт;
- шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына контролду ишке ашырат; - шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагалары тарабынан алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын контролдойт; -фракцияларга (депутаттарга) өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчет берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
-шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө айкындуулукту камсыз кылат;
-шаардык кеңешти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз ара башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамиледе көрсөтөт;
-шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүсүн уюштурат; -шаардык кеңештин аппараты, бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет; - шаардык кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин иш сапарлары тууралуу, сессиянын кароосуна материалдарды даярдоо үчүн жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү маселелери боюнча жана ошондой эле өз компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт; - шаардык кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт; - шаардык кеңештин карамагында турган жайларды, жабдууларды пайдаланууну контролдойт; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
3.5.Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот. Шаардык кеңештин төрагасынын орунбасарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.6. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары:
- шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт;
- депутаттык фракциялар жана туруктуу комиссиялар менен өз ара аракеттенет жана алардын ишин көзөмөлдөйт;
- депутаттардын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүн уюштурат;
- шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен сессияны алып барат; - шаардык кеңештин төрагасынын башка тапшырмаларын аткарат; - шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4-бап. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы - шаардык кеңештин аппаратынын муниципалдык кызмат орду болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
Шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу; комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;
Шаардык кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт;
Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.
5-бап. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана жумушчукомиссиялары
5.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар да түзүлсө болот.
5.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби шаардык кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
5.3. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
5.4. Шаардык кеңештин депутаттарынын комиссиялардын ишине катышуусу бул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык фракциялардын сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.
5.5. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү болуп эсептелинет жана шаардык кеңештин токтому менен кезектеги чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө түзүлөт.
5.6. Комиссиялардын тизмегин, иш багытын, сандык курамын, түзүлүш тартибин жана ишин шаардык кеңештин сессиясы аныктайт.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиядан тышкары, ар бир фракциядан комиссиядагы депутаттардын саны ар бир фракциядан мандаттардын санына пропорционалдуу болуусу тийиш.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиянын курамына азчылык фракциясынан, же азчылык коалициясынан, же азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча 50 пайызы кирет.
Туруктуу комиссиялардын курамы боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
5.7. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5.8. Шаардык кеңештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары туруктуу комиссиялардын курамына кире албайт.
5.9. Убактылуу жана жумушчу комиссияларды түзүүдө, анын курамына фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин каалаган депутаты кире алат.
5.10. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өз курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлашат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынан жана төрагасынын орун басарынан башка, туруктуу комиссиялардын төрагасы жана төрагасынын орун басары туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп азчылык фракциядан, же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат. Төраганын орун басары болуп көпчүлүк коалициядан өкүл шайланат.
Туруктуу комиссиялардын төрагалары жана төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
5.11. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайлаган комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, шаардык кеңеш тарабынан бекитилбеген учурда, комиссиянын мүчөлөрү анын талапкерлигин дагы бир жолу кайталап бекитүүгө же шайлоого жана комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын жаңы талапкерлигин бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.
5.12. Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары өз милдеттерин аткарбаган учурда, комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
5.13. Комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, обөективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптерине негизделет.
Комиссиялар, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди жана корутундуларды кабыл алышат.
5.14. Комиссиялар шаардык кеңештин сессиясынын алдында жооптуу жана төрагага отчет беришет.
Шаардык кеңештин төрагасы комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчет суроого укуктуу.
Кезектеги жыл аяктаганда комиссия шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу түрүндөгү отчет берет.
. 5.15. Шаардык кеңештин комиссиялары өз компетенциясынын чектеринде:
- шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү менен байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын-ала кароону жүзөгө ашырат, тийиштүү корутундусу менен аларды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- шаардын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- шаардын аймагынын экономикалык өнүктүрүү планын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын-ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын даярдашат, шаардык бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
- өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуулоо үчүн башка комиссияга берүү тууралуу сунушту киргизет;
- башка комиссия тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өз сунушун берет.
5.16. Шаардык кеңештин комиссиялары аларга тийиштүү болгон маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, жергиликтүү администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
5.17. Комиссиялар карап жаткан маселелерди даярдоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден, эксперттерден жана илимпоздордон жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуш киргизе алышат. Комиссиялар алардын кароосунда болгон маселелер боюнча шаардык кеңештин башка комиссияларынын пикирин сурай алышат.
5.18. Комиссиялардын жыйналыштары комиссиялардын иш-планына жана зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.
Комиссиянын жыйындарын өткөрүү жөнүндө комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүн жана шаардык кеңештин башка депутаттарын, ошондой эле чакырылган жактарды бир суткадан кеч эмес шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери аркылуу билдирет. Комиссия жашыруун жана көчмө жыйындарды өткөрүүсү мүмкүн.
5.19. Комиссиянын жыйыны, ага комиссиянын курамынын жарымынын көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиянын чечими комиссиянын курамынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.20. Комиссиянын жыйындарына бул комиссиянын мүчөсү болбогон депутаттар кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирлерин айта алышат.
5.21. Комиссиялардын жыйындарынын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда комиссиялардын төрагасынын орун басары кол койот. Өзгөчө учурларда, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары жок болгон учурда жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
5.22. Бир канча комиссияларга тийиштүү болгон маселелерди талдоо жана кароо биргелешкен жыйындарда жүргүзүлөт.
5.23. Биргелешкен жыйындар эгерде ага ар бир комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын бул комиссиялардын төрагалары ич ара макулдашуу боюнча алып барышат.
Биргелешкен жыйында каралуучу маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана бул комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Эгерде төрагалардын бирөөсү комиссиялардын чечимине кол коюудан баш тарткан учурда, ал төрага болуп эсептелген комиссиянын мүчөлөрү кол коюу укугун төраганын орун басарына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
5.24. Комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө маалымдайт;
- комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын отурумунун иш-планын жана күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйынын чакырат жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
- комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
- комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу жана топтордун ишине катышууну сунуштайт;
- комиссияны тейлеген шаардык кеңештин аппаратынын кызматкери аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн чакырат;
- комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
- шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен дайыма байланышта болот, аларды комиссиянын жыйынында каралган маселелер, ошондой эле, комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча ишти уюштурат, комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө маалымдайт;
- жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында комиссиянын иши жөнүндө отчет берет.
5.25. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү менен алдын-ала макулдашуусуз маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссиянын атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз.
5.26. Ар бир депутат төмөнкүлөргө укуктуу:
а) туруктуу комиссиялардын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
б) маселелерди даярдоого жана талкуулоого катышууга;
в) шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Бул маселелер боюнча отчеттор жана маалыматтар комиссиялардын жыйындарында угулат.
5.27. Комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө:
а) комиссиянын жыйындарынын күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин кароо тартиби жана мааниси боюнча;
б) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат жактарынын маалыматын угуу жөнүндө;
в) комиссиянын чечимдеринин долбооруна:
- өз сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымкаттарды берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
5.28. Комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинде активдүү катышууга, анын кабыл алган чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
5.29. Комиссиянын мүчөсүнө комиссиянын иши маселеси боюнча туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн.
Комиссия тарабынан каралуучу бардык маселелерди чечүүдө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарттар камсыз кылынат жана керектүү материалдар берилет.
5.30. Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын тапшырмасы боюнча комиссияга тийиштүү маселелерди жеринде талдап чыгат, комиссияга өз жыйынтыктарын жана сунуштарын билдирет.
Комиссиянын мүчөсү комиссиянын колдоосуна ээ болбогон сунушту шаардык кеңештин сессиясына бул маселени талкуулоодо аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизе алат.
5.31. Жаңы комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу же кайра түзүү жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынат.
Комиссияны жоюу жөнүндө шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу менен бир эле убакта бул комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын тийиштүү ыйгарым укуктары токтотулат. Бул учурда шаардык кеңештин комиссиясынын төрагасын кайра чакырып алуу жөнүндө өзүнчө токтом кабыл алынбайт.
Шаардык кеңештин жаңы комиссияларын түзүү же мурда түзүлгөндөрдү кайра түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар
6-бап. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор.
6.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракциялар (мындан ары – фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Өзгөн шаардык кеңеш тарабынан катталууга тийиш.
6.3. Депутаттык фракция шаардык кеңештин төрагасына депутаттык фракция түзүлгөндүгү, анын максаты, курамы, жетекчисин жана катчысын көрсөтүлгөн кат жүзүндө арыз менен кайрылат. Депутаттык фракция түзүлгөндүгү жөнүндөгү арызга депутаттык фракциянын бардык мүчөлөрү кол коюушат.
Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өз курамына киргизе албайт.
Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
Депутаттын ал шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
6.5. Фракцияны алар тарабынан шайлаган лидер жетектейт.
Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
- шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимдерине кол койот;
- фракциянын ичинде тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
- фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү менен жана жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;
- катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат
- шаардык кеңештин сессиясынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциялардын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат.
Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт.
7-бап. Депутаттык фракциялардын иши.
7.1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардык кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө;
- башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
- фракциянын өкүлүн фракциянын атынан арыздар, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирүүлөр жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
- фракциялардын жыйынына кызыккан адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
- шаардык кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында тийиштүү чараларды көрүүгө.
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же коалициялык макулдашууда бул аныкталган болсо, коалициянын жетекчиси көрсөтөт.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригүүсү мүмкүн. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына же шаардык кеңештин азчылык коалицицясына биригүү үчүн ниеттенген фракциялар бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, ошондон кийин расмий статус алат.
7.4. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий позициялар;
- коалициянын саясий багытталышы;
- коалициянын иш принциптери;
- коалиция тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалиция лидеринин аты-жөнү.
Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.
7.5. Коалиция өз ишин төмөнкүлөрдү жарыялаган учурдан тартып токтотот:
- шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюлгандын натыйжасында фракция же фракциялар андан өзүнүн чыккандыгы жөнүндө;
- коалициянын таркатылышы жөнүндө.
8-бап. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
8.1. Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
Шаардык кеңеш белгилеген тартипке ылайык щаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары ар дайым шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.
Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен убагында камсыздайт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөнөөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышын маалымдоону камсыздайт.
IV БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-бап. Шаардык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
Жаны шайланган шаардык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орунбасарларын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
Шаардык кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10-бап. Шаардык кеңештин ишин пландоо
Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11-бап. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.
Шаардык кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).
Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
добуш берүү себеби боюнча чыгып суйлөө;
документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
негиз катары кабыл алынган документке ондоолорду киргизүү;
документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү.
Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп, кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.
Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздун жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
токтом долбоорун толук кабыл алуу;
анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
мөөнөттөр такталат жана пункттарды же токтомду толук ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
токтомду жокко чыгарууга;
кошумча токтом кабыл алууга.
Контрол боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
добуш берүүнүн жыйынтыгы;
сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын фракциясынын көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 7 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
12-бап. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби.
12.1 Шаардык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес мөөнөттө шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Депутаттарга 2-3 күн мурда сессия өткөрүү туралуу маалымат берилет.
Шаардык кеңештин сессиянын отуруму депутаттардын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
Демилгечи тарабынан сессияга карала турган маселени 15 күн мурда киргизүүгө тийиш.
Шаардык кеңештин сессиясы белгиленген мөөнөттөн тышкары кезексиз сессиясы өткөрүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын визасы менен гана жүргүзүлөт.
12.2.Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселелерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. Бул учурда (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин, сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
12.3.Сессияга катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.4.Бир жылдын ичиндеги жүйөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз 2 жолудан көп калтырганы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган (оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер) себептер эсептелинет.
12.5.Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.6.Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.7. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.8. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат муну менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына 2-3 күн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
12.9. Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.
12.10. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылган алып барат. Сессиядагы төрагалык шаардык кеңештин төрагасы тарабынан жүргүзүлөт. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары тапшырган же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүнөн-өзү баш тартпаган) төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.11.Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк анык болгон учурда добуштарды саноого барбоого;
шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого;
сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда төраганын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыздоого;
сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого;
сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
кезеги менен сөз берүүгө;
сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө.
12.14. Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:
ар бир сессиянын алдында табелдик каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылуучунун жөндүү талаптарын сактоого;
кол көтөрүү жолу менен сөз сүйлөөгө суранууга;
сессияда төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
маселе боюнча чыгып сүйлөөдө жана маселени формулировкалоодо баяндамачыдан (тең баяндамачыдан) жана сессияда төрагалык кылуучудан башка залдагы катышуучуларга өзүнчө кайрылууга жол бербөөгө;
сөзүндө катышуучулардын абийирин, намысын жана кадыр-баркына шек келтирүүчү одоно, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнөө калп маалыматты пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткан сөздөрүнө баа бербөөгө, бирөөлөрдүн дарегине негизсиз күнөөлөөгө жол бербөөгө;
Өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн депутаттар бул регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
13-бап. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жана эл менен өз ара мамилелери
13.1. Шаардык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.
13.2. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
13.3. Шаардык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
13.4. Аймактын кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча шаардык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүн чакыра алат.
13.5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин шаардык кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
13.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу - жашаган жери боюнча жарандардын шаардын бөлүгүндө жергиликтүү маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу боюнча өзүн-өзү уюштуруу түшүнүлөт.
13.7. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кварталдык комитеттердин, жамааттардын жана башка Конституцияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.
13.8. Коомдук өз алдынча башкаруу аймагынын чек арасы тургундардын сунуштарын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.
13.9. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары шаардык кеңеште аларды эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун да алууга укуктуу.
13.10. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.
13.11. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары же өкүлдөрү аркылуу, ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда шаардык кеңештин ишине катышууга, шаардык кеңештин чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө укуктуу.
13.12. Коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана уюмдун иштеринин эң манилүү маселелерин чечүүгө калкты катыштыруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлсө болот.
13.13. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, муниципалдык менчикти пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн маселелери алып чыгылса болот. Курултайдын чечимдери шаардык кеңеш үчүн сунуш мүнөзүндө болот жана шаардык кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан каралат.
13.14. Олуттуу мааниге ээ маселелер, шаардык кеңештин депутаттарынын жана анын аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу максатында бир көчөнүн, бир кварталдын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар өткөрүлөт, алар боюнча сунуштар кабыл алынат.
13.15. Шаардык кеңештин депутаты шайлоочулар, өзүн депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жамааттар жана жарандардын бирикмелери, ошондой эле өзүнүн шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелеринин органдары менен байланышта болуп турат.
Шайлоочулар өздөрүнүн депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Депутат өзүнүн шайлоо округунун шайлоочуларынын алдында жоопкер жана аларга өзүнүн иши жана өзү шайланган шаардык кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш.
14-бап. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби
14.1. Шаардын мэри шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып шаардын мэри жаңыдан шайланган шаардын мэри кызмат ордуна киришкен күнгө чейин мэрдин милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет.
14.2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
14.3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.
Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт.
Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
14.4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
14.5. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент шаардык кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
14.6. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).
14.7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
14.8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
14.9. Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге жүктөлөт.
15-бап. Депутаттык мандат
15.1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
15.2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
4) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
5) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
6) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
7) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин сессияларына катышпаганда;
9) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
10) кеңеш таркатылганда;
15.3. Шаардык кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:
1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (шаардык кеңеш) ошол эле шаардын аймагынын чегинде жайгашкан болсо;
2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органына(шаардык кеңеш) отчеттуу болсо;
3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (шаардык кеңеш) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.
4) депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.
15.4. Депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, шаардык кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш.
15.5. Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.
15.6. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
15.7. Депутат өз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат.
16-бап. Депутаттын ыйгарым укуктары жана милдеттери
16.1. Шаардык кеңештин сессияларында шаардык кеңештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, шаардык кеңештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.
16.2. Депутат шаардык кеңештин регламентин, шаардык кеңештин, анын органдарынын ишинин тартибин аныктоочу башка ченемдик актыларды сактоого, шаардык кеңештин сессияларына, өзү курамына кирген туруктуу комиссиянын жана башка органдардын заседаниелерине катышууга милдеттүү. Заседаниеде болууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, депутат бул жөнүндө тийиштүү органдын жетекчисине маалымдайт.
16.3. Шаардык кеңештин депутаты шаардык кеңештин жана өзү курамына кирген анын органдарынын заседаниелеринде каралуучу бардык маселелер боюнча чечүүчү добуш укугунан пайдаланат. Ар бир депутат шаардык кеңеште жана өзү курамына кирген анын органдарында бир добушка ээ болот. Шаардык кеңештин кайсы бир органынын курамына кирбеген депутат анын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат.
16.4. Шаардык кеңештин депутаты:
1) шаардык кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;
2) шаардык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
3) шаардык кеңештин жана анын органдарынын заседаниесинин күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана алардын маани-маңызы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер киргизүүгө;
4) чечимдердин долбоорлорун, шаардык кеңеш же анын органы кабыл алуучу башка документтерди, аларга карата түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;
5) шаардык кеңеш түзүүчү органдардын жекече курамы жана шаардык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлери боюнча ой-пикирин айтууга;
6) шаардык кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле шаардык кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен адамдарга ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюуга;
7) талаш-тартыштарга катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга, баяндамачыларга, кошумча баяндамачыларга, заседаниеге төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;
8) шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңешке отчеттуу болбосо анын контролдугу астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын, ошондой эле шаардык кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер боюнча анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштар киргизүүгө;
9) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн жүйө - себептери боюнча чыгып сүйлөөгө, маалыматтар берүүгө;
10) шаардык кеңештин жана органдарынын заседаниелеринде, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, арыздарынын, резолюцияларынын, петицияларынын тексттерин шаардык кеңеш белгилеген тартипте жарыялоого укуктуу.
16.5. Депутат шаардык кеңештин сессиясында талкууланган маселе боюнча өзүнүн жарыя айтылбаган сөзүнүн, сунуштарынын жана сын-пикирлеринин текстин, шаардык кеңештин же өзү катышкан анын органынын заседаниесинин протоколуна киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга бере алат.
16.6. Депутаттын шаардык кеңештин сессиясында айткан жана заседаниесинде төрагалык кылуучуга кат түрүндө берилген сунуштары менен сын-пикирлери шаардык кеңеш тарабынан, болбосо анын тапшыруусу боюнча шаардык кеңештин комиссиялары тарабынан каралат же тийиштүү органдардын жана кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар бул сунуштарды жана сын-пикирлерди, эгерде шаардык кеңеш тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей кароого жана кароонун натыйжалары тууралуу сунуштар киргизген жана сын-пикирлерин айткан депутаттардын тикелей өздөрүнө, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
16.7. Шаардык кеңештин депутаты шаардык кеңешке жана анын органдарына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары мамлекеттик органдарды жана граждандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу.
16.8. Шаардык кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Мында текшерүү колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
16.9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүнүн натыйжасы жана ал боюнча сунуштарды шаардык кеңешке же текшерүү жүргүзүүнү сунуштаган анын органына билдирет.
16.10. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана иши текшерилген органдардын жетекчилерине (менчик ээлерине), ошондой эле жогору турган органдарга кетирилген кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуш киргизет, жоопко тартуу тууралуу маселе коет.
16.11. Депутаттык иштин маселелери боюнча шаардык кеңештин депутаты шаардык кеңештин аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүү укугунан, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын токтотпой кабыл алуу укугунан пайдаланат.
16.12. Шаардык кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле шаардык кеңеш менен, ал эми шаардык кеңештин сессияларынын аралыгында – шаардык кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес.
16.13. Шаардык кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттын өтүнүчү боюнча ага депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык материалдарды жана башка маалыматты беришет.
16.14. Депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келип–кетүү тартиби тийиштүү мыйзам актылары менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы аныкталган учурда, депутат ал боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат.
16.15. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашырат.
16.16. Шаардык кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган шаардык кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш.
16.17. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, отчет берүүнү өткөрүү жөнүндө депутат шаардык кеңешке же белгиленген тартипте анын органдарына кабарлайт.
Депутатка отчеттор берүү жана шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат.
Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетторун өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тийиштүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынат.
16.18. Шаардык кеңештин депутаты мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта тура албайт.
16.19. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
16.20. Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.
16.21. Депутат шаардык кеңештин регламентин, шаардык кеңештин, анын органдарынын ишинин тартибин аныктоочу башка ченемдик актыларды сактоого, шаардык кеңештин сессияларына, өзү курамына кирген туруктуу комиссиянын жана башка органдардын заседаниелерине катышууга милдеттүү. Заседаниеде болууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, депутат бул жөнүндө тийиштүү органдын жетекчисине маалымдайт.
17-бап. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
17.1.Азыркы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
отурумда катышкандардын саны - добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
17.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү тууралуу шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
17.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ.
17.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюуларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынаарын (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.
Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык кылуучу добуш берүүнү шаардык кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
17.5. Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеңештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссия тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
17.6. Шаардык кеңештин ар бир депутатына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюлууга тийиш.
18-бап. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
18.1. Шаардык кеңештин жыйынында чыгып сүйлөп жаткандар жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, өз сөздөрүндө орой сөздөрдү, кемсинтүү сөздөрдү пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, бирөөнүн дарегине негизсиз күнөөлөрдү коюуга укуксуз.
Бул жоболорду бузган учурда, алар эскертүүсүз сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн, талкууланып жаткан маселе боюнча аларга кайталап сүйлөө үчүн сөз берилбейт.
Талкуулоо темасынан четтеп кеткенде сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүнү эскертет. Кайталап эскертүүдөн кийин чыгып сүйлөөчү сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.
18.2. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында депутаттар сөз сүйлөөчүлөргө жана катышуучуларга сөз сүйлөөдө оюн айтууга жана түшүндүрүүгө тоскоолдук кылуучу аракеттер менен (кыйкырык, кол чабуулар, тура калуулар ж.б.) жолтоо кылбоосу керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын убагында залдагы бардык катышуучулар, депутаттар дагы уюлдук байланыш аппараттарын өчүрүшү керек.
18.3. Эгерде депутат бул регламенттин талаптарын бузса, сессияда төрагалык кылуучу аны жекече эскертет жана тартипке чакыртат.
18.4. Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында жүйөөлүү себептерсиз эки же андан көп жок болгон, шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
18.5. Депутат төмөнкүлөрдү жасабашы керек:
- саясий коньюктура максатында жана өз пайдасына конфиденциалдуу маалыматты пайдаланбоосу;
- шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жабык жыйындарында ага белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле аны жайып жибербеген шарттарда депутатка ишенгендиктен, шайлоочунун же башка жактын жеке жашоосуна тийиштүү маалыматтарды жарыялабоосу;
- өз сөзүндө кылмыш жана жарандык иштерден фактылар, мыйзам күчүнө кире элек чечимдер жөнүндө сүйлөөгө;
- жеке жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткаруу менен байланышкан аракет жана аракетсиздик үчүн белек, акча каражат жана кызматтар түрүндө сыйлык алууга.
18.6. Депутат шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин өзүнүн депутаттык абалынан пайдаланбастан, депутаттык милдеттерин камсыздоо боюнча иштерди аткаруу үчүн гана ишке тарта алат.
19-бап. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
19.1. Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеңештин отурумдарынын протоколдоруна төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер: бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; ссссиянын төрагалыгынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюулган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протоколго сессиянын отурумунун төрагалыгы жана секретариаты тарабынан кол коюлат.
19.2. Шаардык кеңештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду; сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырышы керек.
20-бап. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
20.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
20.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
20.3. Шаардык кеңештин токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюулат. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
20.4. Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.
V БӨЛҮМ . Шаардык кеңештин регламенти
21-бап. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
21.1.Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
21.2.Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
21.3.Шаардык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет. Бул Типтүү Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өзгөн шаардык кеңешинин иш тартибин аныктайт.