Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2-сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/4
Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 24-январындагы №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Мамазаитов Арапжан Жомолдинович бекитилсин.(тиркелет)
2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары
№ 1
24-январь 2017-жыл
Катышканы - 7 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы – А. Джалилов
Депутаттар: Х.Ибрагимов, О.Каримов, А.Артиков, А.Мамазаитов, Б.Мирзажанов, А.Шарабидинов,
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат деп белгиленген.
2016-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын долбоору даярдалган. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентинде «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп азчылык фракциядан же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат, төраганын орун басары болуп көпчүлүк коалициядан өкүл шайланат, бирок фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу керек. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: анда бүгүнкү отурумдун төрагасын жана катчысын шайлап алышыңыздар керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат А. Мамазаитов: бүгүнкү отурумду алып баруу үчүн отурумдун төрагалыгына депутат А. Шарабидиновтун, катчылыгына депутат О.Каримовтун талапкерлигин сунуштайм.
Төрага А. Джалилов: Анда эмесе сунушту добушка койом. Депутат А.Шарабидиновту отурумдун төрагасы, депутат О. Каримовду отурумдун катчысы болуп шайлансын деген депутаттар добуш берип койсоңуздар.
Сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Депутат А. Шарабидинов отурумдун төрагасы: урматтуу комиссия мүчөлөрү бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрү толук катышып олтурат. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө.
Анда күн тартибин бекитип алсак. Комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат Х. Ибрагимов: Өзгөн шаардык кеңешинин регламентинин негизинде биздин туруктуу комиссиянын төрагалыгына азчылык коалициянын атынан депутат А.Мамазаитовдун талапкерлигин сунуштайм.
Депутат А. Шарабидинов отурумдун төрагасы: дагы башка сунуштар барбы. Депутат А. Мамазаитов комиссиянын төрагалыгына көрсөтүлсүн деген бир эле сунуш түштү. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. А. Мамазаитовду куттуктап койсок.
Депутат А. Шарабидинов отурумдун төрагасы: эми туруктуу комиссиянын орун басарын шайлап алсак. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат А. Мамазаитов: мен О.Каримовтун талапкерлигин сунуштайм.
Депутат О. Каримов: мен И. Мамадалиевдин талапкерлигин сунуштайм.
Депутат А. Мамазаитов: туруктуу комиссиянын орун басарлыгына бюджетти, каржы маселелерин түшүнгөн депутатты койсок.
Депутат А. Шарабидинов: бюджеттик комиссиянын иши оор, жоопкерчилигиги көп, бирдикте иштешибиз керек.
Депутат А. Шарабидинов отурумдун төрагасы: туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына И. Мамадалиевди шайлоо боюнча сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. И. Дадажановду куттуктап, ишиңе ийгилик каалап койсок.
Отурумдун төрагасы А.Шарабидинов: биздин туруктуу комиссиянын 2017-жылга иш-планынын долбоору менен таанышып чыксаңар.
Отурумдун төрагасы А. Шарабидинов: Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү. Иш-пландын долбоорун бекитип койсок, өзгөртүүлөр боюнча сунуштар түшсө, кийинки отурумдарда карайбыз. Сунушка макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Кимде кандай сунуштар бар. Башка сунуштар жок болсо мен бүгүнкү отурумду жабык деп жарыялайм.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп А.Мамазаитов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп И. Мамадалиев шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылга иш-планынын долбоору өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.