Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2-сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/5
Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 24-январындагы №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Купахунов Розувай Сулайманович бекитилсин.(тиркелет)
Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Шамиева Бурал Насировна бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары
№1
24. 01. 2017-жыл
Катышканы -6 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: Б. Шамиева, М. Рызакулов, Ш. Абдрасулов, Р. Купахуңов, И.Тажибаев
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат деп белгиленген.
2016-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын долбоору даярдалган. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу керек. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: анда бүгүнкү отурумдун төрагасын жана катчысын шайлап алышыңыздар керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат И. Тажибаев: мен бүгүнкү отурумдун төрайымдыгына Б.Шамиеваны, катчылыгына Ш. Абдурасуловту сунуштайм.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: депутат Б. Шамиева отурумдун төрайымы, депутат Ш. Абдурасулов отурумдун катчысы болуп шайлансын деген депутаттар добуш берип койсонуздар.
Депутат Шамиева Б. отурумдун төрайымы: урматтуу депутаттар бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрү толук катышып олтурат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип алсак. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө.
Анда күн тартибин бекитип алсак. Комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат И. Тажибаев: мен туруктуу комиссиянын төрагалыгына депутат Р.Купахуновтун талапкерлигин сунуштайм.
Депутат Ш. Абдурасулов мен да Р. Купахуновту сунуштайм.
Отурумдун төрайымы Б. Шамиева: туруктуу комиссиянын төрагалыгына Р.Купахунов шайлансын деген бир эле сунуш түштү.
Сунушка макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. Р. Купахуновту куттуктап койсок.
Эми туруктуу комиссиянын орун басарын шайлап алсак. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат Р. Купахунов: мен комиссиянын төрагасынын орунбасарлыгына Б.Шамиеваны сунуштайм.
Депутат Ш. Абдурасулов: мен да Б. Шамиеваны сунуштайм.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына Б. Шамиева шайлансын деген бир эле сунуш түштү. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок.
Сунуш бир добуштан колдоо тапты. Б. Шамиеваны куттуктап, ишине ийгилик каалап койсок.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Кимде кандай сунуш бар.
Депутат Ш. Абдурасулов: туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата иш-планынын долбоорун да карап койсок.
Депутат Б. Шамиева: Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын маселесин иш планга киргизип койсок.
Депутат Р. Купахунов: бул маселе өткөн жылы башка туруктуу комиссия тарабынан каралып, сессияга алып чыгылган.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Р. Купахунов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Б. Шамиева шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.