Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/6
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 26-январындагы №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Жоробаев Хайрилло Жахбаралиевич бекитилсин.(тиркелет)
2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Талипов Абытжан бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары
№1
26. 01. 2017-жыл
Катышканы – 4 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: Х. Жоробаев, Й. Имьяминов, М. Рахманбердиев, А. Талипов
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат деп белгиленген.
2016-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын долбоору даярдалган. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу керек. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: анда бүгүнкү отурумдун төрагасын жана катчысын шайлап алышыңыздар керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат Х. Жоробаев: мен бүгүнкү отурумдун төрагалыгына депутат М.Рахманбердиевти, катчылыгына депутат Й. Имьяминовту сунуштайм.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: депутат М. Рахманбердиев отурумдун төрагасы, депутат Й. Имьяминов отурумдун катчысы болуп шайлансын деген депутаттар добуш берип койсонуздар. Бир добуштан колдоого алынды.
Депутат М. Рахманбердиев отурумдун төрагасы: урматтуу комиссия мүчөлөрү
бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрүнөн 4 киши катышып олтурат, 1 киши себептүү катышпай жатат. Кворум бар болгондуктан, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип алсак. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө.
Анда күн тартиби боюнча комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат Й. Имьяминов: мен комиссиянын төрагалыгына М. Рахманбердиевти сунуштайм.
Депутат М. Рахманбердиев: мен комиссия төрагалыгына Х.Жоробаевти, орунбасарлыгына А. Талыповту сунуштайм.
Депутат М. Рахманбердиев отурумдун төрагасы: туруктуу комиссиянын төрагалыгына Х. Жоробаев, орунбасарлыгына А. Талыпов бекитилсин деген депутаттар добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. Х. Жоробаевти, а. Талыповту куттуктап койсок.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Кимде кандай сунуш бар.
Депутат Х. Жоробаев: туруктуу комиссиянын 2017-жылга иш-планынын долбоорун бекитип койсок, кошумча сунуштар болсо сессияга чейин сунушубузду беребиз.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Х. Жоробаев шайлансын.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп А. Талыпов шайлансын.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылга иш-планынын долбоору бекитилсин.
4. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.