Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/7
Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Азимжанов Бахтиержон Ганижанович бекитилсин.(тиркелет)
2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Абдукаимов Анварбек Абдукаимович бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары
№1
27. 01. 2017-жыл
Катышканы – 7 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: И.Хаджиматова, А.Абдукаймов, М.Хоринов, Б.Азимжанов, М.Абдурахманов, С. Маматкасимов.
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат деп белгиленген.
2016-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын долбоору даярдалган. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу керек. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: анда бүгүнкү отурумдун төрагасын жана катчысын шайлап алышыңыздар керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат А. Абдукаимов: депутат М. Абдурахмановту отурумдун төрагалыгына, депутат Б. Азимжановту отурумдун катчылыгына сунуштайм.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: депутат М.Абдурахманов отурумдун төрагасы, депутат Б. Азимжанов отурумдун катчысы болуп шайлансын деген депутаттар добуш берип койсонуздар. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Депутат М. Абдурахманов отурумдун төрагасы: урматтуу комиссия мүчөлөрү
бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрү толук катышып олтурат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип алсак. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө.
Анда күн тартибин бекитип алсак. Комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат М. Абдурахманов: мен комиссиянын төрагалыгына А.Абдукаимовту сунуштайм.
Депутат А. Абдукаимов: мен комиссиянын төрагалыгына Б.Азимжановдун талапкерлигин сунуштайм.
Депутат И. Хаджиматова: мен да Б.Азимжановдун талапкерлигин колдойм.
Отурумдун төрагасы М. Абдурахманов: туруктуу комиссиянын төрагалыгына көпчүлүк Б.Азимжановдун талапкерлигин сунуштады.
Туруктуу комиссиянын төрагасы болуп Б.Азимжанов шайлансын деген депутаттар добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. Б. Азимжановду куттуктап койсок.
Эми туруктуу комиссиянын орунбасарын шайлап алсак. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат И. Хаджиматова: туруктуу комиссиянын орунбасарлыгына А.Абдукаимовду сунуштайм.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына бир талапкер сунушталды. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок.
Сунуш бир добуштан колдоо тапты. А. Абдукаимовду куттуктап, ишине ийгилик каалап койсок.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Хоринов: бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата иш-планынын долбоорун да карап койсок.
Депутат М. Абдурахманов: шаардык билим берүү бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени сессияга алып чыгуу керек.
Депутат Б. Азимжанов: шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппараты жүргүзүп жаткан иштерди да карап койсок.
Депутат А. Абдукаимов: иш-пландын долбоорундагы 1-2 маселени туруктуу комиссиянын отурумунда карап, сессияга алып чыксак. Иш-пландын долбоорун карап чыгып, толуктоо, өзгөртүү боюнча сунушубузду кезектеги сессияга чейин берсек.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Б.Азимжанов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп А.Абдукаимов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.