Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/8
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 8-январындагы №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Моминов Кабылжан Таджиматович бекитилсин.(тиркелет)
2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Дадажанов Исакжан Исраилович бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары
№1
27.01. 2017-жыл
Катышканы – 6 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: К.Моминов, М. Хурулбаев, М. Гүрөңов, М. Мирюсупов, И. Дадажанов
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторунун сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат деп белгиленген.
2016-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын долбоору даярдалган. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу керек. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов: анда бүгүнкү отурумдун төрагасын жана катчысын шайлап алышыңыздар керек. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат:
Депутат М. Мирюсупов: депутат К. Моминовту отурумдун төрагалыгына, депутат М. Мирюсуповту отурумдун катчылыгына сунуштайм.
Депутат К. Моминов отурумдун төрагасы, депутат М. Мирюсупов отурумдун катчысы болуп шайлансын деген депутаттар добуш берип койсонуздар.
Депутат К. Моминов отурумдун төрагасы: урматтуу комиссия мүчөлөрү
бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрү толук катышып олтурат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип алсак. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Анда күн тартибин бекитип алсак. Комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Карты, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат М. Мирюсупов: мен комиссиянын төрагалыгына К. Моминовтун талапкерлигин сунуштайм.
Депутат К. Моминов туруктуу комиссиянын төрагалыгына көрсөтүлсүн деген бир эле сунуш түштү.
Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. К. Моминовту куттуктап койсок.
Эми туруктуу комиссиянын орун басарын шайлап алсак. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Мирюсупов: мен туруктуу комиссиянын орун басарлыгына И.Дадажановтун талапкерлигин сунуштайм.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына И.Дадажановту шайлоо боюнча бир эле сунуш түштү. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок.
Сунуш бир добуштан колдоо тапты. куттуктап, ишине ийгилик каалап койсок.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Мирюсупов: бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата иш-планынын долбоорун да карап койсок.
Депутат К. Моминов: Иш-пландын долбоорун карап чыгып, толуктоо, өзгөртүү боюнча сунушубузду кезектеги сессияга чейин берсек.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп К. Моминов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасынын орунбасары болуп И. Дадажанов шайлансын.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырьшышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депуттатык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.