Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-1
Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
| Тиркеме № 4-1 |
Төөлөс айылдык Кеңешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кенеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөөрү жана штампы болот.
Айылдык кенештин Регламенти, айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
5) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу, жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү.
III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы.
3.1. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.2.. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кенештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнүу юштуруу жана өткөрүүбоюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орунбасарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүн\ жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өзөзүнчө добуш беруусун камсыз кылат. Эсептоо комиссиясы жашыруун добуш беруунун эрежелери толук сактоолого милдеттуу. Добуш берууну баштоонун алдында эсептоо комиссиясы добуш беруунун тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кенештин торагасына корсотулгон талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептоо добуш берилген жайда жургузулот.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (паспорт же башка оздук документтери боюнча) толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир талапкер боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулганы» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептоо комиссиясынын токтому тузулуп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кенештин торагасына корсотулгон талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кенештин торагасы болуп торт жылдык мъъноткъ шайланат.
4.8. Тораганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту эсептөөнү, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын копчулук добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты тораганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенештин төрагасы жана орун басары оздорунун милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен торага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кенештин төрагасы озунун милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кеңештин сессиясы.
5.1. Кенештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кенештин торагасы сессия откоруло турган куну, убактысы, кун тартиби жана сессия отучу жай тууралуу беш кундон кечиктирбей кенештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына уч кундон кечиктирбей таратылат.
5.3. Кенештин кезексиз сессиясы Кенештин торагасы, Кенештин туруктуу комиссиялары же Кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 болугунун сунуш менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу турундо карала турган маселелерди корсотуу менен кезексиз сессияны откоруу зарылдыгы тууралуу Кенештин торагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кенештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кенештин чечими же Кенештин торагасынын буйругу менен кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо учун депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын окулдорунон турган жумушчу топ тузулушу мумкун.
5.7. Кезектеги сессиянын кун тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш кундон кечиктирбей кенештин катчысына жазуу турундо берилиш керек.
5.8. Айылдык Кенештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кенештин сессиясы коомчулук учун ачык ар бир жаран айылдык Кенеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кенеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны откоруу жонундо чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана кун тартиби жонундо жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды корууго, алардын сессияларга кируусу учун баарык шарттарды тузууго, ошондой эле корулгон чаралар тууралуу жергиликтуу жамаатка маалымдоог милдеттуу.
VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кенештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлоо максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептоо комиссиясынан, башка да комиссия тузулот. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын копчулугунун добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жургузушот. Суйлоочулорду, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелуу материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына козомолдук жургузот, депутаттарга тушундурмо берет.
6.3. Секретариат айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш кундун ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын кун тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Сессиянын кун тартиби жана иштоо тартиби айылдык Кенештин торагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Кун тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан кун тартипке иштоо тартибине озгортуу киргизу же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитуусуно сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга озунун талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Кун тартиби, иштоо тартиптери боюнча сунуштарды берууго, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна озгортуулорду жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кенештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторунугуунун кун тартибине киргизууну сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдоо, текшеруу жургузуу учун сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштоо тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирууго жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине озунун жеке пикирин сактоо менен добуш берууго.
IХ. Кеңештин чечимдери.
9.1. Кенештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кенештин сессиясына катышкан депутаттардын копчулук добушу менен туруктуу комиссияларынын озгортуу жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизу жонундо чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын журушундогу маселелер боюнча Кенеш токтом турундо кабыл алат жана токтомго Кенештин торагасы кол коёт.
9.4. Кенештин депутаты Кенештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жузундо же оозеки билдируусу Кенештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кенештин чечимин бастырып чыгаруу, Кенештин токтомдорунун аткарылышын козомолдоо Кенештин аппаратына жуктолот.
9.7. Айылыдк Кенештин чечими айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттуу.
9.8. Кенештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо кучун жоготту деп табылышы мумкун.
Х. Айылдык Кеңештин төрагасы.
1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
3. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
4. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
6 Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.
7. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
1) жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
8. Айылдык кеёештин търагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.
ХI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кенештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштуу маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айыл ъкмът\н\н катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жургузот. Кенештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелуу чара коруу менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кенештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кенешке тушкон документтердин эсебин жургузот.
12.8. Кенештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук оз алдынча башкаруу уюмдарынын окулдору жана башка тиешелуу адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жургузот.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кенештин аппаратынын ишин уюштуруу менен козомолдойт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтуу Кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу учун тузулот. Кенеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да тузулсо болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтуу кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын моонотунун ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды тузот, мурда тузулгондорун таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына озгортуулорду киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелуу жергиликтуу кенештердин депутаттарынын ичинен тузулот. Жергиликтуу кенештердин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин торагасы жана орун басары шайланышы мумкун эмес.
Туруктуу комиссиялар тораганы шайлайт. Комиссиялар озунун ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисяларды тузо алат.
Туруктуу комиссиянын жана кенештин торагасынын сунушу боюнча тиешелуу кенеш туруктуу комиссиялардын курамына озгортуулорду киргизет.
Комиссия мучолорунун ыйгарым укуктары кенеш тарабынан анын отунучу боюнча, ошондой эле ал озунун милдеттерин аткарууга мумкундук болбогон жагдайларга байлныштуу моонотунон мурда токтотушу мумкун.
Жергиликтуу кенештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтуу кенештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары озунун ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары озунун компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелуу чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдуу чарбачыл ишине кийлигишууго укуксуз.
13.2. Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары:
- кенештин кароосуна киргизилуучу экономикалык, социалдык жана тиешелуу улуттук маданий онугууго байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелуу аймактын социалдык-маданий жана ондуруштук инфраструктурасын онуктуруу, жергиликтуу оз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
- озунун аймагын экономикалык жактан онуктуруунун жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жонундо отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча оздорунун сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
- жергиликтуу кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелуу кенештин регламенти аркылуу сунуштлган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары озунун карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтуу мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелуу аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтуу кенештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш беруучу добуш укугу менен ушул комиссияларга мучо болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтуу кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мучолору бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону откоруу тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жонго салынбаган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштуу айылдык Кенештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы мөөнөтүнө жашыруун добуш беруу аркылуу шайланат.
14.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго, айылдык Кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жондомдуу, жогорку билимдуу жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим беруу, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик турундогу чарбакер субъекттерде жетекчи кызматтарда уч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барКыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
14.5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кенештин биринчи жыйналышынын кунунон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун тузулгон кундон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен айыл окмотунун башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кенештин чакыруу мооноту аяктаганга чейин 90 каландардык кун калганда ээлеген кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кенешинин биринчи жыйналышы отконго чейин айыл окмотунун башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 20 календарлык кундун ичинде откорулот.
Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда аким жаны айыл окмоту шайланганага чейин озунун акты менен айыл окмотунун милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 25 календардык кундун ичинде откорулот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулдору тиешелуу аймактык шайлоо комиссияларында айылдык Округдун башчысын шайлоону жана откорууну координациялоону жургузушот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын торагасы айылдык Округдун башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жургузуу учун тийиштуу аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мучосун жиберууго укуктуу.
14.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтуу Кенештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш беруу аркылуу ишке ашырылат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын учтон экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону откоруу жол-жобосу «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтуу Кенештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелуу аймактык комиссиясы тарабынан куболук берилет. Куболуктун формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жарксыз деп табууга алынып келет.
ХV. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсоткон субъект тарабынан каттоо учун шайлоо кунуно чейин 5 жумуш кунунон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына томондогудой документтер сунушталат:
1) жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуу жонундо чечим.
2) ат салышууга жонундо талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин корсотуу менен талапкердин омур баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 -беренсинин талаптарын тастыктоочу тийиштуу документтер.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган кундон тартып 3 календарлык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуунун тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жонундо – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жонундо жуйолоштурулгон чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жонундо талапкерди корсоткон субъектиге кабар билдирууго милдеттуу. Талапкерди корсоткон субъект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл озгортуулорду киргизип, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына ондолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди корсоткон субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин кочурмосун берууго милдеттуу.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга томондогулор негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган корсотуунун тартиби сактлбашы.
2) Талапкерде пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди корсоткон субъектин ушул берененин 1-болугундо корсотулгон бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жонундо чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык кундун ичинде жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай беруу, добуш беруу учун кабиналарды, добуш беруу учун укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону откорууго комок корсотууго милдеттуу.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берууго чейин эки кун калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл лууга милдеттуу.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго укугу бар субъкт кайсы учурда болсо да добуш берууго чейин эки календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо тиешелуу арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан корсотулган талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл алууга милдеттуу.
ХVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу учун добуш беруу кунуно чейин 2 календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы жана эки мучосу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулу жана айылдык Кенештин окулу болуп эсептоо комиссиясы тузулот.
Эсептоо комиссиясы оз отурумунда курамынан тораганы жана катчысы шайлоо жонундо чечим кабыл алат жана тиешелуу протокол тузулуп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтуу Кенешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, оз жыйналыштарынын протоколдорун жургузууну уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жан ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коёт.
16.4. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш беруучу жайды беруу, ал учун кабиналарды, укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу аркылуу шайлоону уюштурууга комоктошуусу милдеттуу.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелуу айылдык Кенештин торагасы тартат.
16.7. Добуш беру жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби.
17.1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо атайын болунгон болмодо откорулот.
17.2. Добуш беруунун алдында добуш беруу укоктору эсептоо комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, моор басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке озу добуш берет, башка адамдар учун добуш берууго жол берилбейт.
17.4. Добуш беруучу укокту ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш беруунун аякташы эсептоо комиссиясынын торагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш бреуучу укокту ачууга добуш беруу аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш беруу аяктагандан кийин эсептоо комиссиясы добуш беруунун жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептоо комиссиясынын мучолору тарабынан гана жургузулот жана добуш беруучу болмодо тыныгуусуз откорулот.
18.2. Эсептоо комиссиясынын мучолору пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана булл туурасында добуш беруунун жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер озунчо эсептелет жана алар туурасында добуш беруунун жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдируусун аныктоо мумкун болбогон, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясынын мору бсылбаган, эсептоо комиссиясынын мучолорунун колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш беруучу укоктогу бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берууго катышкан депутаттардын жалпы санын, айылдык өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер учун берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш беруунун жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жана ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коёт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептоо комиссиясынын торагасы дароо айылдык Кенештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш беруунун жыйынтыгын жары кылат жана айылдык Кенештин сессиясынын бекитуусуно протоколго киргизет.
18.7. Тиешелуу айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш беруунун жыйынтыгы жонундо протоколду айылдык Кенеш бекиткенден кийин тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы анын мучосун райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кобуроок добуш алган эки талапкербоюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, кобуроок добуш алган эки талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири кобуроок сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса кобуроок сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
18.10. Айылдык Округдун башчысын шайлоонун жыйынтыгы жонундо билдируу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХIХ. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айылдык өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда айылдык өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айылдык өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы учун талапкерлерге караганда депутаттар коп добуш беришсе кайра шайлоо открулот.
19.3. Эгерде добуш берууну кунуно карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо окторулот.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган кундон тартып 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди корсотуу менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган кундон тартып 15 календардык кундон кечиктирбестен откорулот.
19.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча откорулот.
19.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте откорулот.
ХХ. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелуу айылдык Кенештин депутаттары тарабынан айылдык округдун башчысы белгиленген моонотто шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтуу Кенешке моонотунон мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими озунун буйругу менен жаны айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды тузуусу мумкун.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мооноттуу сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жургузулот.
ХХII. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кенештин козомолдоо ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кенештин торагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кенеш оз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин туруно карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттуу.
ХХIII. Жергиликтуу Кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 31 депутатты түзөт.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат тош белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы кол койгон куболук менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жургузулот.
ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
25.1. Айылдык кеңештин депутаты Регламентке озгортуу, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кенештин Регламентин, типтуу Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кенештин сессиясында бекитууго коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат.