Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-2
Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылга карата перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылга карата перспективалык иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
| Тиркеме № 4-2 |
Төөлөс айылдык кеңешинин 2017-жылга карата перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык кеңештин регламентин бекитүү | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
2 | Айылдык кеңештин перспективалык иш планын бекитүү | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
3 | Айылдык кеңештин аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын ички чарбалык иштеринин абалы, мектептердеги жана балдар бакчаларындагы 2017-жылга карата материалдык-техникалык базасы, көрктөндүрүү жана санитардык абал-тазалыктар боюнча 2017-жыл үчүн болжолдуу иш аракеттери, мектеп окуучуларынын жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын билим денгээли, окуу тарбия иштериндеги абал | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, ар бир округдан шайланган депутаттар |
4 | Айылдык кеёештин аймагындагы саламаттыкты сактоо тармагындагы айылдык ооруукана, ФАПтардагы ички чарбалык иштеринин абалы, саламаттыкты сактоо тармагындагы айылдык ооруукана ФАПтардагы 2017-жылга карата материалдык-техникалык базасы, көрктөндүрүү жана санитардык абал-тазалыктар боюнча 2017-жыл үчүн болжолдуу иш аракеттери, калктын саламаттыктарын сактоодогу маданияттуулугу жана жоопкерчиликтери | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, тиешелүү мекемелердин жетекчилери |
5 | көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалык жөнүндө | 1-чейрек | Айыл өкмөтү, туруктуу комиссия |
6 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаштар комитетинин жүргүзүп жаткан иштери, дене-тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер | 1-чейрек | Жаштар комитети, туруктуу комиссия |
7 | Депутаттык этика жана жүрүм-турумдары боюнча билдирүүлөрдү угуу | 1-чейрек | Туруктуу комиссия |
8 | Айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүү жана толуктоолор киргизүү | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтү |
9 | Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин жана 2018-жылга бюджетинин болжолун бекитүү | 1-чейрек | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтү |
10 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мечиттердин 2017-жылга «Адеп жана ыйман жылына» карата алып барылуучу иштери, диний экстремиздин жана терроризмдин алдын алуу боюнча аткарган иштери | 2-чейрек | Туруктуу комиссия |
11 | Жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-чейрегине карата аткарылышын көзөмөлдөө | 2-чейрек | Туруктуу комиссия |
12 | «Төөлөс-Ноокат» СПАсынын «Тъълъс суусу» ИСКАКБсынын калкты ичүүчү таза суу жана эгин суулары менен камсыз кылышы | 2-чейрек | Туруктуу комиссия |
13 | Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жън\ндъ | 2-чейрек | Туруктуу комиссия |
14 | Ноокат РЭТинин «Салиева» аймактык бөлүмүнүн калкты, бюджеттик мекемелерди, соода-сатык жана башка ишканаларды электр энергиясы менен камсыз кылуусу жана дебитордук карыздарды өндүрүүсү, тейлөө-ремонттоо иштери боюнча аткарган иштери | 2-чейрек | Туруктуу комиссия |
15 | 2016-жылга карата айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн аткарылышы | 2-чейрек | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтү |
16 | Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчету | 3-чейрек | Айыл өкмөтү |
17 | Айыл аймагынын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктарынын жүрүшү | 3-чейрек | Туруктуу комиссия |
18 | Туруктуу комиссияларынын айылдык кеңештин кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөсү | 3-чейрек | Туруктуу комиссия |
19 | Айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн 2018-жылга карата иш планын бекитүү | 4-чейрек | Туруктуу комиссия |
20 | Айылдык кеңештин 2018-жылга карата перспективалык иш планын бекитүү | 4-чейрек | Туруктуу комиссия |
Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн уюштуруу массалык иштери
№ | Иш чаралар | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Жергиликтүү калк менен иштөө, атуулдардын жеке арыз жана даттануулары кароо, жеке маселелер боюнча кабыл алуу | Айылдык кеңештин депутаттары | Дайыма |
2 | Айылдарда элдик жыйындар өткөрүү, шайлоочулар менен жолугушуу | Айылдык кеңештин депутаттары | Дайыма |
3 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү | Туруктуу комиссиялар | Чейрек ичинде бир жолу |
4 | Шайланган аймактары боюнча шайланган депутаттардын отурумдары | Депутаттык топтор | Чейрек ичинде бир жолу |
5 | Айылдык кеңештин отурумдарында айтылган сын-пикир, сунуштардын аткарылганы боюнча маалыматтар | Туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтүнүн катчысы | Ар бир отурумдан кийин |
6 | Депутаттардын аткарган иштери боюнча отчетторун кабыл алуу | Айылдык кеңеш | 1 жылда бир жолу |