Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/9
Баткен шаар аймагындагы жайыттарга чыгуучу малдар үчүн жайыт акысынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пункутуна ылайык Баткен шаардык жайыт комитетинин сунушун угуп, талкуулап чыккан, Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 10-марттагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн салык төлөмү 2016-жылы үчүн 537000 сом пландалып, 378000 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.(отчету тиркелет)
2. Баткен шардык жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн салыктын жыйноодон түшүүчү кирешеси 2017-жыл үчүн 566963 сомго, чыгаша жагы 566963 сомго бекитилсин.
3. Баткен шаарынын аймагындагы жайыттарга чыгарылган малдар үчүн 2017-жылга төлөм акылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомуна ылайык бекитилсин (№1 тиркеме)
4. Шаар аймагындагы жайыттарга чыгуучу малдардын бекитилген төлөм акылары шаар калкына “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык кеңешинин төрагасы____________________ А. Ташбеков |
Баткен шаардык Жайыт комитетинин 2017-жыл үчүн жайыт акы өлчөмдөрү
Малдын түрү | Реалдуу саны | Коефицент | Жайыт пайдалануу үчүн 1малдын башына чегерилген төлөм | Жайыт пайдалануу үчүн чогултуудан күтүлгөн сумма |
Ири мүйүздүү малдар. | 1941 | 1 | 125 | 242 625 |
Музоо | 924 | 0,7 | 87 | 80 388 |
Кой, Эчки | 8006 | 0,2 | 25 | 200 150 |
Козу, улак | 2900 | 0,1 | 12 | 34 800 |
Жылкы | 60 | 1,2 | 150 | 9 000 |
Бардыгы; | 13 871 |
|
| 566 963 |
Баткен шаардык Жайыт комитетинин бюджетинин, 2017-жылга кирешелер жана чыгашалар бөлугу боюнча
СМЕТАСЫ.
№ | Кирешелер бөлугу | Сумма сом |
| Жайыттардан өндурулгөн салык |
|
| Жайыттан тышкаркы жаратылыш ресурстарынан тушкөн салык. |
|
| Жайыт акынан тушкөн киреше | 566 963 |
| Бардыгы: | 566 963 |
№ | Чыгашалар беренеси: | Сумма, сом |
| Жайыт жакшыртуу боюнча иш-чаралар: |
|
| Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу, булактарды тазалоо, жолдорду ондоо | 235 821 |
| Жайытка мониторинг жүргүзүү | 15 000 |
№ | Администрациялык чыгымдар: |
|
| ЖК төрагасынын эмгек акысы | 78 000 |
| ЖК Бухгалтеринин эмгек акысы | 36 000 |
| 1.Инспекторунун эмгек акысы | 20 000 |
| 2.Инспекторунун эмгек акысы | 26 000 |
| Социалдык чегерүүлөр 17,25% | 27 600 |
| Жайыт салыгы жер салыгы | 34 602 |
| Сатуудан тушкон салык 3% | 15 940 |
| Транспорттук чыгым | 20 000 |
| Командировкалык чыгым | 6 000 |
| Капиталдык ондоо чыгымы | 40 000 |
| Концтовар | 6 000 |
| Жайыт Ассоциация толому | 6 000 |
| Бардыгы | 566 963 |
Жооптуу катчы | М. Зикираев |